WeChat      Избранное

Кыргызстан бардык чет мамлекеттин жарандарын киргизүүгө уруксат берди

05/12/2020  Источник:интернет   шрифта:

Кыргызстан бардык чет мамлекеттин жарандарын киргизүүгө уруксат берди

ФотоWWW

Алгоритмге ылайык, тыштан келем дегендер үч сутка мурда таза чыккан ПЦР-анализин көрсөтүшү керек. Кыргызстанга келгенден кийин дагы текшерилет.

Кыргызстанга эл аралык аэропорттордун өткөрмө пунктулары аркылуу келген чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жокторду өлкө аймагына киргизүү калыбына келтирилди. Тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аба майданынан келе тургандар коронавирусту алдын алуу үчүн атайын ылайыкталган алгоритмди так аткарышы керек.

Буга чейин Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына өлкө аймагына кирүүгө уруксат берген эле.

"2020-жылдын 4-декабрынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар КРдин мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча туруктуу каттамдар менен өлкөгө келе алышат", — деп айтылат маалыматта.

Алгоритмге ылайык, тыштан келем дегендер үч сутка мурда таза чыккан ПЦР-анализин көрсөтүшү керек. Кыргызстанга келгенден кийин дагы санитардык-карантиндик өткөрмөдөн текшерилишет.

Мындан тышкары, уруксат берүү чечими кийинки жылдагы шайлоолордо эл аралык байкоочуларды киргизүү үчүн дагы кабыл алынганы кошумчаланды.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)