WeChat      Избранное

Жаңылыктар

10/12/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Артем Новиков: «Мал чарба тармагы Нарын облусун өнүктүрүүнүн локомотиви боло алат» 

Жаңылыктар

ФотоWWW

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, райондук жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.  

Артем Новиков: «Жакынкы мезгилде жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу жыйынтыкталат деп ишенебиз. Курулуш иштерин каржылоо жаатында белгилүү финансылык кыйынчылыктар бар. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана каржылоо боюнча бардык милдеттенмелер аткарылат. Күн тартибиндеги экинчи маанилүү маселе – бул кыш мезгилинде электр энергетикасында эч кандай үзгүлтүк болбоосу, жер-жерлердеги калкты отун менен камсыздоо болуп саналат», - деди. 

Ал белгилегендей, облуста дары-дармектердин баасын мониторингдоо жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда аймакка медикаменттердин кошумча партиясы жеткирилет. 

Кеңешменин жүрүшүндө облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, өнөр-жай ишканаларынын ишине, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга, инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө тийиштүү маселелер талкууланды.

«Мал чарба тармагы облусту өнүктүрүүнүн локомотиви боло алат. Биз аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү менен алектенишибиз керек. Биргелешкен план иштелип чыгып, тийиштүү иштер башталат», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Кыргызстандын 6-11-класстарынын окуучулары арасында Республикалык математика боюнча олимпиада өткөрүлөт  

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед мамематикалык мектеби (KSMS) менен биргеликте менчик түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына Республикалык математика боюнча олимпиада өткөрөт. Олимпиаданын максаты – таланттуу жана математикалык билимге кызыккан балдарды табуу, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө өтөт.

Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт: 1-этап: 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө онлайн форматта; 2-этап: 2021-жылдын 5-январында саат 12:00дө Бишкек шаарында реалдуу форматта.

6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат. 9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга чакырылышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар KSMS математикалык клубунда окуу үчүн грантка ээ болушат.

Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат. Суроолоруңуздар болсо, [email protected] электрондук почтасына жазыңыздар. Олимпиада акысыз өткөрүлөт.

Артем Новиков: «Чек ара аркылуу товарлардын автоматташтырылган эсеп тутуму аркылуу өтүүсү коррупциялык тобокелдиктерди кыскартат» 

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун, бажы кызматынын маалыматтык тутумунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Өкмөт башчынын м.а. айтымында, транспорттук каражаттарды фиксациялоо, эсепке алуу, анын ичинде танспорттук каражатты чек арадан өткөрүү аракеттери, номерлерин сканерлөө, бажы документтерин тариздөөдөдөн баштап, адамдык факторду четтетүү масксатында аларды маалымат базасына киргизүү боюнча айрым сын-пикирлер бар.

«Эки айдан ашуун убакыттан бери кытай тарап менен чек ара аркылуу транспорттук каражаттарды өткөрүү көлөмүн жогорулатуу боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Жакын арада кытай тарап «Эркечтам – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу макулдашууну тастыктады, ага ылайык, көзөмөл-өткөрүү пункту күн сайын 12 сааттан, анын ичинде дем алыш күндөрү да иш алып барат. Мындан тышкары, кампа инфраструктурасын, товарларды жүктөө үчүн атайы крандарды орнотуу маселеси чечилди. Биз жакын арада бул иш жүргүзүлөт деп ишенебиз. Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча абал бир аз башкача. Мында бийик тоолуу аймак болгондуктан, кыргыз тараптын транспорттук каражаттарды дезинфекциялоосун камсыздоо боюнча инфраструктураны кайда жайгаштыруу боюнча орун, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуу көлөмүн жогорутату максатында чек арадагы товарларды кайра жүктөөнү камсыздоочу аянттарды карадык. Бул процесс түшүнүү менен кабыл алынууда», - деди Артем Новиков жана  «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы санитардык талаптарды тыкыр аткаруу менен кадимки режимде иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Көзөмөл-өткөрүү пунктун барып көрүүдө Премьер-министрдин м.а. тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Ноябрь айында Кыргызстандын электр энергиясын керектөөсү 1 млрд 716 млн кВт саатты түздү 

Жаңылыктар

Кыргызстандын ноябрда электр энергиясын керектөөсү 1 млрд 716 млн кВт саатты түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы билдирет.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 716 млн 927 миң кВт саатты түздү.

2019-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 625 млн 586 миң кВт саатты түзгөн.



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)