WeChat      Избранное

Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз

05/11/2020  Источник:интернет   шрифта:

Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз

ФотоWWW

Учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экени айтылган. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетет. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйынында билдирди.

Бүгүн ЖК депутаттары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Анда эл өкүлү Бактыбек Турусбеков министрден коронавирустун экинчи толкуну качан башталарын сурады.

"Учурда экинчи толкун жүрүп жатат. Кыргызстанда 10-15 күндөн кийин анын жогорку чегине жетебиз деген божомол бар", — деди Бейшеналиев.

COVID-19дун экинчи толкуну. Өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет

Ошондой эле министр учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экенин белгиледи.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)