Жумалиев: мага таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатат, калганы жабылды
ФотоWWW
Депутат журналисттерге берген маегинде бизнеске мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин аралашканын белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев өзүнө таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатканын билдирди.
Ал журналисттерге берген маегинде бизнеске мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин аралашканын белгиледи.
"Мен илимпоз, билимдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары эч качан коррупциялык иштерге катышкан эмесмин. Эмне тапсам өз эмгегим менен жеттим. 2005-жылы мартта жумуштан кеткенде менин бир батир, Аламүдүн районунда эки жер тилкем, келинчегимдин эки-үч жер тилкеси гана бар болчу. 2005-2017-жылдарга чейин күнү-түнү бизнес менен алектенип, чет жактан инвесторлорду тартып ишканаларды ачтык", — деди Жумалиев.
Жумалиев: мүлкүмдү мыйзамсыз текшерткен Сыймык Жапыкеевди сотко берем
Депутат муну менен өлкөдө 700дөн ашык адамды жумуш менен камсыздаганын айтып өттү.
"Деген менен менин атыма катталган 34 компаниянын тогузу гана калып, калганы жабылып калды. Анын экөө коомдук фонд, үчөө билим берүү мекемеси, төртөө компания. 2015-жылы 15ке жакын компанияны ишенимдүү башкарууга өткөрүп берип депутат болуп келгем", — деди Жумалиев.
Эл өкүлү жабылган компаниялар өзүн актабай калган сыяктуу табигый көрүнүштөн улам жабылганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, кечээ Финпол Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү компанияларга тинтүү жүргүзгөн.
последние
● Министр: санитардык норманы депутаттардан баштабасак, оору июлдагыдан оор өтөт
● Жумалиев: мага таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатат, калганы жабылды
● Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз
● Вопрос открытия школ во второй четверти рассматривается – Усенбаев
● Коронавирустан аялдар арасында кош бойлуулар көбүрөөк каза табары айтылды
Рекомендация
- 1В Кыргызстане президент отправил в отставку премьер-министра, правительство и главу ГКНБ
- 2Едва не умер от истощения
- 3В ГСБЭП вернулся прежний руководитель Бакир Таиров
- 4ГСБЭП: задержан директор Центра судебных представительств Правительства
- 5Экономические преобразования новой власти. Внешняя политика и партнерство