Министр: санитардык норманы депутаттардан баштабасак, оору июлдагыдан оор өтөт
ФотоWWW
Өлкөнүн башкы медиги алдын алуу иштери жасалып, коронавируска каршы биргеликте күрөш жүрбөсө абал оорлошуп кетерин эскертти. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев санитардык норманы биринчи кезекте Жогорку Кеңештин депутаттары сакташы керектигин билдирди.
Бүгүн парламент өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
"Жакын арада Стамбулда COVID-19 боюнча эл аралык конференцияга катышып келдим. Ошол жерде илдетти биринчи кезекте алдын алуу керектиги белгиленди. Баарыбыз биригип чогуу күрөшпөсөк, коронавируска уттуруп коебуз. Биринчилерден болуп депутаттар, сиздер, Саламаттык сактоо министрлиги берген көрсөтмөнү сактасаңыздар. Элдин баары сиздерди карап жатат. Мен өкмөттүн баарына бет кап тактырып, аралыктан иштөөгө өткөрүп жана академиктерге түшүндүрүү иштери менен телевидениеден кайрылуу жасатып жатам. Эгер алдын алуу чараларын көрбөсөк, күчөтүп токтото албай калабыз", — деди Бейшеналиев.
Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз
Мындан сырткары, ал Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын 6,8 пайызы каза тапканын белгиледи. Мындай көрсөткүч Казакстанда 1,2 пайызды, Тажикстанда 0,7 пайызды түзөт.
последние
● Со следующего месяца Казахстан намерен полностью закрыть свои внешние границы – Сурабалдиева
● Министр: санитардык норманы депутаттардан баштабасак, оору июлдагыдан оор өтөт
● Жумалиев: мага таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатат, калганы жабылды
● Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз
● Вопрос открытия школ во второй четверти рассматривается – Усенбаев
Рекомендация
- 1В Кыргызстане президент отправил в отставку премьер-министра, правительство и главу ГКНБ
- 2Закрытие границ с Китам отрицательно отразилось на легпроме Кыргызстана
- 3Кытай окурмандары кыргыз адабият дүйнөсүнө жогорку бааларын беришүүдө
- 4Улица как крайняя мера
- 5Вопрос открытия школ во второй четверти рассматривается – Усенбаев