WeChat      Избранное

Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктардын тизмеси

25/11/2020  Источник:интернет   шрифта:

Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктардын тизмеси

ФотоWWW

Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 9,6 пайызга жогорулады.

Жыл башынан бери Кыргызстанда кумшекер жана өсүмдүк майы бир топ кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Негизи эле былтыркы жылга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулаган.

Баасы көтөрүлгөн азык-түлүктөр:

сарымсак — 1,6 эсеге;

кумшекер — 27,4 пайызга;

өсүмдүк майы — 25 пайызга;

жаңы бышкан жемиштер — 16,9 пайызга;

гречка акшагы — 16 пайызга;

эт — 15,9 пайызга;

ун — 15,6 пайызга;

картошка — 15,1 пайызга;

макарон азыктары — 15 пайызга;

жумуртка — 7,1 пайызга;

бал — 5,8 пайызга;

алкоголсуз суусундуктар — 5,3 пайызга;

күрүч — 4 пайызга.

Анткен менен баасы арзандаган азыктар дагы бар. Мисалы, айрым сүт азыктары, жер-жемиштер, балык жана таруунун баасы төмөндөгөн.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)