WeChat      Избранное

Министрлик: COVID жуктуруп ооруканада жаткандардан бир сом да алынбайт

11/11/2020  Источник:интернет   шрифта:

Министрлик: COVID жуктуруп ооруканада жаткандардан бир сом да алынбайт

ФотоWWW

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

Коронавирус жана пневмония болуп ооруканага жаткан бейтаптар бир да сом төлөбөй дарыланышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев мэриядагы жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, вице-премьер Эльвира Сурабалдиева шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

Вице-премьер Сурбалдиева министрдин орун басарына "коронавирус жуктуруп ооруканага жаткандар, канча сом төлөшү керек же баары бекерби?" деген суроо узаткан.

"Мен расмий түрдө дагы бир жолу айтып коёюн. Пневмония менен жатабы, коронавирус менен жатабы, бир дагы бейтап ооруканага акы төлөбөйт. Алар бекер дарыланышат", — деди Каратаев.

COVID-19: өлкөдө абалы оорлошкондор күн сайын көбөйүп жатат

Министрдин орун басары элди топтошпоого чакырып, медиктер айткан сунуштарды аткарууну суранды.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)