WeChat      Избранное

Эмил Жураев, саясатчы: “Убактылуу Өкмөттү бекитүү керек”

15/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:


 Эмил Жураев, саясатчы: “Убактылуу Өкмөттү бекитүү керек”

ФотоWWW

Учурда, Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаал тууралуу биздин редакцияга белгилүү саясат талдоочу Эмил Жураев өз ой-пикирин билдирди.

-Азыркы тапта болуп жаткан кырдаал өтө оор. Анткени, бул табияты боюнча 2005-жылкы жана 2010-жылкы төңкөрүш мезгилин элестетет. Өтө кооптуу учур. Эгерде узакка созула турган болсо, кыйын абал жаралышы толук мүмкүн. Жакынкы мөөнөттө, жакынкы сааттарда биз туруктуу, жок дегенде убактылуу Өкмөт түзүшүбүз зарыл. Азыркы 6-чакырылыштагы парламент ошону уюштурууга жана бекемдеп берүүгө толук бойдон көмөктөш болуусу керек. 

Тилекке каршы ар кандай күчтөр бар, ар кандай кызыкчылыктар бар, мына ошолордун алдын-алып Убактылуу Өкмөттү уюштуруу керек. Революция дейбизби, элдик талап дейбизби ушундай жол менен бийлик кайрадан алмашканда, көп саясатчылар тарабынан кабыл алынган кадамдар көбүнчө эле мурдагыдай эле бийлик талашуу багытында кетип жатат. Бул чечим чыгаруучу күчкө ээ болуу деген аракеттерди түшүндүрөт. Бул өтө өкүнүчтүү.

Бийлик кырдаалдын ушундай өңүттө өнүгүүсүн күткөнбү, күткөн эмеспи албетте, бул белисиз. Мүмкүн күткөн эмес. Бир нече жума мурун эле шайлоонун жыйынтыгын булар карап турду, билип турушту. Массалык түрдө бурмалоолор даярдалып жаткандыгын билип туруп эч нерсе кылбагандыгы, демек мындай болуп кетээрин күткөн эмес. Демек, алар шайлоонун жыйынтыгын каалагандай өзүбүзгө бекемдеп алабыз деген ойдо болушкан. 

Бул кырдаалдан чыгуунун эң эле оптималдуу жана бат жолу жогоруда айтылгандай тез аранын ичинде парламент чогулуусу керек. Бул парламенттин алдына бир нече суроолор коюлуусу абзел. Биринчиден, жаңы шайлоонун мөөнөтүн жана эрежелерин бекитүү зарыл. Эрежелер демекчи, ошол 7%дык чекти 5% же 3%га төмөндөтүү керек. Аны добуш берүү жолу менен жүзөгө ашыруу абзел. Эски кабинеттин, аткаруу бийлигинин кызматтан кетүүсүн кабыл алып жаңы Убактылуу Өкмөттү бекитүү керек. Ошондой эле, учурда процедуралык легитимдештирүү максатында керек болгон кадамдарды жасоо парламентке жүктөлүүсү керек. 

Менин оюмча, ушундай жол менен гана кыска убакыттын ичинде кайра легитимдүү Өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүк алсак болот. Антпесе, ар бир топ, ар бир партия, ар аймак, амбициясы күчтүү жеке инсандар чыга берип, мындай баш-аламандык узакка созулуп кетүүсү мүмкүн. Бул Кыргызтан, Кыргызстандын келечеги, азыркы учуру үчүн дагы абдан кооптуу кырдаалды жаратуусу мүмкүн.


(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)