WeChat      Избранное

Сасык тумоо жана COVID-19: айырмачылыктары жана окшоштуктары

02/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Сасык тумоо жана COVID-19: айырмачылыктары жана окшоштуктары

ФотоWWW

Пандемиянын эл арасын дүрбөтүп, будуң-чаң салып жүргөнүнө жарым жылдан ашты. Кыргызстан эли дагы бул дарт менен күрөшүп жатканына көп болду. Март айынын аягы менен республиканыны борбору баш болгон бир катар шаарлар карантинге алынып, пандемиянын алдын-алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөнү менен биздин эл коронавирустун алгачкы толкунунун жеткен чегин июнь айынын аягында көрдү. Чындыгында, эң коркунучтуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Көз алдыбызда жаштар дагы, карылар дагы кайтыш болуп, канчалаган өмүрлөр кыйылды. Канчалаган тилектер ишке ашпай, канчалаган үй-бүлө сыздап, кайгы-муңга чөгүлдү.

Мына, ушул толкун эми гана басаңдап, эл арасында оорулуулар азайып, ковидди жеңип чыккандар көбөйүп, жашоо аз да болсо өз калыбына келе жаткан кезде октябрдын аягы, ноябрдын башы менен аталган оорунун экинчи толкуну республика аймагын каптайт деген ой-пикирлер бардыгыбызды бушайманга салып турган кези. Күз мезгили келип, аба-ырайы сууктап калган кезде сасык тумоо күчөп, бардыгыбыз бир сыйрадан ооруп чыгаарыбыз белгилүү. Мына ушундай кырдаалда ковид-19 менен сасык тумоонун айырмасын билбей, эмитен эле паникага алдырып жаткан жарандарыбыз дагы эл арасында бар. 

Ошондуктан, биз бүгүн окурмандарыбыздын редакцияга келген каттары менен тааныштырып, “сасык тумоо менен коронавирустун кандай айырмачылыктары болот”, - деген суроого жооп бермекчибиз.

Бактыгул Кеңешбекова, мугалим: “Экинчи толкунда “балдар ооруйт” дегенди угуп сарсанаа болуудамын”

-  Бүгүнкү күнү коронавирус дарты бардыгыбыздын жашообузда өкүм сүрүп, каалайбызбы, каалабайбызбы анын мыйзамдары менен жашоого мажбур кылууда. Пандемиянын башында бул жөн гана куру сөз, эч кандай коркунуч жок деп жатып, кандай жоготууларга дуушар болдук. Биздин үй-булөдө жолдошум экөөбүз ооруп айыктык. Оору катуу кармабаса дагы, бир топ эле шайыбызды кетирип койду. Эң эле жөнөкөй дарыларга жете албай, абдан кыйналдык. Бир тилегеним эле балдарым ооруп калбаса экен деп, сарсанаа болуп жаттым. 

Ага кошул-ташыл коомдук сайттардагы, массалык маалымат каражаттарындагы түрдүү маалыматтар үйдө олтурган кишилерди бушайманга салып, позитивдүү ойлонууга эч кандай мүмкүнчүлүк болбой калат экен. Тескери ойлор, албетте, терс эмоцияларды пайда кылат эмеспи.

Мына, ошондой кырдаалдан эми-эми жакшы болуп баштаганда, кайрадан коронавирустун экинчи толкуну тууралуу айтып жатышат. Анын башкы симптомдорун дагы сасык тумоодон айырмалай албай кыйналдык. Учурда, 8-класста окуган балам ооруп жатат. Же грипп же ковид экенин билбей сарсанаа болуп жатам. Суук тийип калды го деп эле үмүттөнүп жатам. Өзүбүз оорусак дагы мынчалык сарсанаа болбойт элем, “балдар ооруйт” дегенди угуп ого бетер бушайман болуудабыз. 

Мурат Касымбеков, студент: “Учурда, ата-энем, бир туугандарым, жакындарым үчүн сарсанаа болуп жатам”

-Мен июль айында коронавирус менен ооруп, бейтапканага жатып айыгып чыккам. Бирок күн сууктап, кан айлануу жайлаганда вирустар ойгонуп, оору кайтып келет деп жатышат. Чындыгында, ошондон коркуп жатабыз. Эң башкысы сасык тумоо менен ооруп калбаганга аракет кылуу зарыл деп жатышат. Бирок, азыр эл арасында сасык тумоо жүрүп жатат. 

Коронавирус элди бир топ кыйнады. Көп жоготуулар болду. Эми экинчи толкуну болбосо экен деп эле үмүттөнүп жатам. Өзүм ооруканага жатып, бул оору менен бетме-бет күрөшкөндөн кийин анын абдан коркунучтуу экендигин сездим. Учурда, ата-энем, бир туугандарым, жакындарым үчүн сарсанаа болуп жатам. Батыраак айыгып, бул оорудан кутулуп кетсек экен. 

Эки вирус тең аба тамчысы, адамдан адамга байланыш же буюм-тайым аркылуу адамдын организмине кирип, ооруну козгойт (подзаголовок)

COVID-19 илдетин сасык тумоого көп салыштырышат. Туура. Эки оору тең респиратордук жугуштуу илдеттердин катарына кирет. Бирок вирустук козгогучтар жана алардын таралышы жагынан бир топ айырмачылыктары бар. Ага жараша коомдук саламаттык сактоо тарабынан аткарылышы керек болгон иш-чаралардын өзгөчөлүктөрү аныкталат. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берди. 

СOVID-19 менен сасык тумоону козгогучтардын кандай окшоштуктары бар?

Биринчиден, COVID-19 менен сасык тумоо окшош клиникалык көрүнүшкө ээ. Тагыраак айтканда, эки вирус тең белгилери байкалбаган, жеңил, оор, ал тургай өлүмгө дуушар кылган респиратордук илдеттерди козгоочу болуп саналат.

Экинчиден, эки вирус тең аба тамчысы, адамдан адамга байланыш же буюм-тайым аркылуу адамдын организмине кирип, ооруну козгойт. Мындан улам коомдук саламаттык сактоо тарабынан эки илдетке каршы окшош талаптар коюлат. Мисалы: жеке гигиенаны сактоо, колду таза кармоо, респиратордук этикетти сактоо (жөтөлүп, чүчкүргөндө мурунду же оозду колдун чыканагы менен жабуу же бир жолу колдонулуучу нымдуу бет аарчы менен тосуу).

COVID-19 жана сасык тумоону козгогучтардын айырмасы эмнеде?

Эки илдетти козгогучтардын негизги айырмасы - инфекциянын бат тараганына байланыштуу. Сасык тумоонун орточо инкубациялык мөөнөтү (инфекцияга кабылып, оорунун белгилери байкалганга чейинки убакыт) жана генерация убагы (эки адам ортосундагы оору чыккан убакыт) аз. Адистердин баамына ылайык COVID-19 илдетинин генерация убагы 5-6 күнгө созулат. Сасык тумоо 3 күндүн ичинде байкалат. Демек, сасык тумоо COVID-19га салыштырмалуу бат тарайт.

Мындан тышкары, сасык тумоонун жайылышында маанилүү элементи болуп оорунун алгачкы 3-5 күнү болуп эсептелет. Бул нерсе оорунун белгилери пайда болгонго чейинки мөөнөт аралыгы, башкача айтканда, оорунун белгилери пайда болгонго чейин бейтаптын илдети жугушту болот. Башка жагынан алганда, айрым COVID-19 менен ооруган бейтаптар, оорунун белгилери 24-48 саат башталаардан мурун, вирусту сыртка бөлүп чыгарып башкаларга жуктурушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар бар болсо дагы, учурда илдеттин жайылышында мындай нерсе маанилүү ролду ойнобойт.

Акыркы маалыматтарга ылайык, COVID 19 илдетине кабылган 10 бейтап 20-25 кишиге оору жуктурушу мүмкүн. Бул сасык тумоого салыштырмалуу көп.

Бирок, COVID-19 менен сасык тумоонун козгогучтарынын өзгөчөлүктөрүнө конкреттүү жагдайга жана убакытка жараша баа берилет. Мындан улам экөөнү түз салыштыруу дайыма эле туура боло бербейт.

Сасык тумоону калкка жуктурууда балдардын салымы өтө чоң роль ойнойт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, COVID-19 илдетине балдар чоңдорго караганда аз кабылат: 0-19 жаш курагында балдар арасында оорулуулардын көрсөткүчү өтө төмөн болуп саналат. Мындан тышкары, Кытайда жүргүзүлгөн үй-бүлөлүк сурамжылоолордун алдын-ала маалыматтарына ылайык, чоңдор COVID-19 балдардан жуктуруп алгандарын көрсөтөт.

Эки оорунун тең белгилери окшош экендигине карабастан, илдет оорлошуп кеткен учурларынын үлүшү ар башка. Маалыматка ылайык, COVID-19 учурунун 80% жеңил же симптомсуз, 15% оор, кычкылтек терапиясын талап кылат жана 5% учурлар өтө оор жана жасалма дем алдырууну талап кылат. Сасык тумоого караганда, илдеттин оор жана өтө оор түрлөр үлүшү жогору болуп саналат.

Сасык тумоо менен ооруп калуу тобокелчилиги жогору тобуна – балдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар, өнөкөт оорусу бар жана иммунитети начар адамдар кирет. COVID-19да, учурдагы маалыматка ылайык, илдет оорлошуп кеткенге жашы өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдар болуп эсептелет.

COVID-19 өлүмүнүн көрсөткүчү сезондук тумоого караганда жогору болушу мүмкүн. Чыныгы өлүм көрсөткүчү учурда так эмес аныкталган, бирок, болгон маалыматтарга ылайык, өлүм (башкача айтканда, катталган оорулуулардын санына салыштырмалуу өлүмдүн саны) 3-4%ы түзөт, ал эми инфекциядан каза болгондордун үлүшү (жугуштуу оорулардан каза болгондорго салыштырмалуу өлгөндөрдүн саны) андан дагы төмөн. Сезондук тумоонун өлүмүнүн көрсөткүчү адатта 0,1%а чейин барат. Бирок, бул учурда өлүм деңгээли медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана анын сапатына жараша болот.

COVID-19ду жана гриппти дарылоо үчүн кандай медициналык ыкмалар колдонот?

Учурда Кытайда бир катар дары-дармектер клиникалык сыноодон өтүп жатат жана COVID-19га каршы 20дан ашуун вакцина иштелип чыгууда, бирок учурда атайын дары-дармектер жана вакциналар жок. Экинчи жагынан, сасык тумоону дарылоодо вируска каршы дары-дармектер жана вакциналар бар. Сасык тумоого каршы вакцина COVID-19га каршы натыйжасыз, бирок сасык тумоонун алдын алуу үчүн жыл сайын эмдөө жүргүзүү сунушталат.


 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)