WeChat      Избранное

Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме

16/10/2020  Источник:интернет   шрифта:

Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме

ФотоWWW

Сооронбай Жээнбеков өзү бүгүн, 16-октябрда, парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетеринде күч органдарында жетекчилик кызматта жүргөн төрт кызматкерге генералдык наам ыйгарды.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен министрдин орун басарлары Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметов генерал болушту.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы төраганын биринчи орун басары Талантбек Салиев генерал-майор наамына ээ болгонун билдирди.

Ошондой эле милициянын генерал-майору наамы Ош ОИИБинин жетекчиси Малик Нурдиновго ыйгарылды.

Маалыматка караганда, бул Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кездеги акыркы жарлыктары.

Сооронбай Жээнбеков өзү бүгүн, 16-октябрда, парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)