Бюллетендердин 63%ы колго саналды. Тизмеде "Бүтүн Кыргызстан" жок
ФотоWWW
Акыркы маалымат боюнча, 7 пайыздык босогодон өткөндөрдүн тизмеси өзгөрүүдө. Ушу тапта "Мекенчил" менен "Республика" партиялары озуп чыкты.
Ушу тапта шайлоо бюллетендеринин 63 пайызы колго саналып бүтүп, натыйжада буга чейинки алдыңкы үч партиянын катарын "Мекенчил" менен "Республика" толуктоодо.
Акыркы маалымат төмөнкүчө:
"Биримдик" — 19,05 пайыз;
"Мекеним Кыргызстан" — 24,48 пайыз;
"Кыргызстан" — 9,34 пайыз;
"Мекенчил" — 7,76 пайыз
"Республика" — 7,07 пайыз;
"Бүтүн Кыргызстан" — 6,15 пайыз;
"Ата Мекен" — 4,52 пайыз;
"Ыйман нуру" — 4,12 пайыз;
"Бир Бол" — 3,04 пайыз;
"Чоң Казат" — 3,28 пайыз;
"Замандаш" — 2,79 пайыз
"Социал-демократтар" — 2,25 пайыз;
"Реформа" — 1,36 пайыз;
"Мекен ынтымагы" — 0,91 пайыз;
"Ордо" — 0,22 пайыз;
"Афган согушунун ардагерлери" — 0,15 пайыз;
Баарына каршы — 1,89 пайыз.
Эскерте кетсек, буга чейин автоматтык түрдө эсептөө системасынын санаганы менен төрт партия ("Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан") 7 пайыздык босогодон өткөн.
последние
Рекомендация
- 1Евробиримдик Жээнбековдун макамы боюнча позициясын билдирди
- 2Экономические преобразования новой власти. Внешняя политика и партнерство
- 3Кыргызстанда адам өлүмүнө себепкер оорулардын тизмеси жарыяланды
- 4Поздно ночью в Ош прилетел бывший мэр Мелис Мырзакматов и выступил перед народом
- 5В Оше люди ждут возвращения бывшего мэра Мелиса Мырзакматова