WeChat      Избранное

Кыргызстандан Россияга кантип кетсе болот? Эрежелер

27/10/2020  Источник:интернет   шрифта:

Кыргызстандан Россияга кантип кетсе болот? Эрежелер

ФотоWWW

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт.

 "Аэрофлот" жана "Авиатрафик" авиакомпанияларынын учактары жумасына бир ирет Россияга каттап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган авиакомпаниялар аркылуу кыргызстандык каалоочулардын бардыгы Россияга бара алат.

Аталган өлкөгө баруунун дагы бир жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалда кетсе болот:

Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;

медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);

кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;

Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт.





(Автор:sputnik / Редактор:GL)