WeChat      Избранное

Кыргызстан менен Венгрия кызматташат

02/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кечээ, 29-сентябрда Будапешт шаарындагы «Кармелита» сарайында Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи өттү.

Анын жүрүшүндө ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды. Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, эки өлкөнүн делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Аскер оркестринин салтанаттуу маршы аяктагандан соң «Кармелита» сарайынын алдында кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө кирип кетишти.

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-сентябрда Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга иш сапары менен барган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам-унаа жолу» көзөмөл пункттары убактылуу жабылат. Мындай чектөөлөр 1-октябрдан тарта 4-октябрга чейин боло турганын Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул убакытта Кытайда билим майрамы менен күзгө байланышкан майрам болот. Көзөмөл пункттардан Кытайдан Кыргызстанга жүк ташууга 5-октябрдан тарта уруксат берилет.

Жакында мектептер ишке киргизилери айтылды

Учурда мектептер иштебей, окуучулар онлайн түрүндө билим алууда. Бирок, жакынкы убакта мектепке барып окуп калуусу мүмкүн. Себеби, сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-6-класстардын окуучуларын салттуу режимде окутууга даярдык көрүлүп жатканын маалымдады. 

Анын айтымында, бир катар санитардык талаптар аткарылууга тийиш: социалдык дистанция, бет кап кийүү, антисептик колдонуу.

«Кийинки этаптарда эпидемиологиялык кырдаалды карап, 7-11-класстардын окуучулары боюнча чечим чыгарабыз. Жогорку окуу жайлардын студенттери да кийинки этаптарда каралат», - деди Үсөнбаев.

Бардык иштер республикалык штабдын чечимдерине ылайык жүргүзүлөт, деп кошумчалады ал.

Азыркы учурда 1-класстын окуучулары гана салттуу режимде окуп жатышат.

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталабы?

29-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында дагы 167 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Муну менен пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 диагнозу жалпы 46 миң 522 адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы катталгандар:

- Бишкек шаарында 9 адам;

- Ош шаарында 5 адам;

- Чүй облусунда 15 адам;

- Ош облусунда 38 адам;

- Талас облусунда 1 адам;

- Нарын облусунда 2 адам;

- Ысык-Көл облусунда 11 адам;

- Жалал-Абад облусунда 31 адам;

- Баткен облусунда 55 адам.

Учурда Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан 761 бейтап дарыланууда. Ал эми үй шартында 1484 адам дарыланууда.

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 142 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 46 миң 522 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, алардын ичинен 42 миң 761 адам айыкты.

Кубатбек Боронов:  “Оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө”

Коомдук жана тамактануучу жайларда, унааларда, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Буга катар эле ал санитардык чаралардын жана киргизилген чектөөлөрдүн сакталышына жетишсиз жана натыйжасыз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана ички иштер органдарынын ишин сынга алды.

«Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар-бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш. Мындан тышкары эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек», - деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалдын туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө ооруну жуктургандардын көбөйүшүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгиледи.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптуусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», - деди Кубатбек Боронов.






(Автор:​ Бурул МУСАБЕКОВА / Редактор:GL)