Президент Сооронбай Жээнбеков: “Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым”
ФотоWWW
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Урматтуу мекендештерим! Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты.
Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик.
Мен борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым. Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм.
Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам. Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу- баарынан кымбат. Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам»
последние
Рекомендация
- 1Хозяйка села
- 2Дмитрий Орлов: После каждой смены власти отношения Кыргызстана и Китая становятся все интенсивнее
- 3Правительство и госорганы Кыргызстана вернулись к работе
- 4Эркин Асрандиев: «В это непростое время госорганы должны усилить работу по эпидемситуации»
- 5Экономические преобразования новой власти. Внешняя политика и партнерство