WeChat      Избранное

Кытай окурмандары кыргыз адабият дүйнөсүнө жогорку бааларын беришүүдө

22/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай окурмандары кыргыз адабият дүйнөсүнө жогорку бааларын беришүүдө

ФотоWWW

Кайсы гана элдин жан дүйнөсүн билип, ички руханий баалуулуктары менен таанышууну кааласаңыз анда, ошол элдин адабиятына, улуттук баалуулуктарына дагы сереп салып, жакындан үйрөнүү абдан маанилүү болуп саналат. Мына, ушундай баалуулуктарга аяр мамиле кылып, аны көздүн карегиндей сактап, маани – маңызын дүйнөгө таанытып келгендердин бири – бул кытайлык кыргыздар болуп саналат. Алардын арасында бүткүл өмүрүн кыргыз оозеки чыгармачылыгына арнап, “Манасты” кытай тилинде сүйлөтүп, кытай адабият сүйүүчүлөрүнө биздин элди таанытып келген окумуштуу, тарыхчыларыбыз дагы аз эмес. 

Биз бүгүн дагы кытайлык кыргыздар арасындагы эң жагымдуу кабар менен сиздерди тааныштырууну чечтик. Бул тууралуу бизге жаш да болсо адабият, маданият чөйрөсүндө өз ордун таап, изилдөө иштеринде татыктуу эмгектенип келе жаткан Дабыт Абдылбары уулу билдирди. Ал кыргызстандык жазуучулар Кытайдын “Дүйнө адабияты” аттуу белгилүү журналында жарык көрүп, бизди абдан кубантып жаткан мезгили деп, өз ою менен бөлүштү. 

Анын айтымында, бул кытайлык кыргыздар үчүн абдан кубанычтуу жаңылык. Анткени, ушундай жол аркылуу бүтүндөй Кытай, адабият сүйүүчүлөр кыргызстандык жазуучулардын Чыңгыз Айтматовдун, Султан Раевдин, Мар Байжиевдин эмгектери менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Кытай окурмандары бул эмгектерге социалдык тармактар аркылуу эң жакшы ой-пикирлерин калтырып жатат. 

Ал эми, бул котормолордун автору кыргыздын чыгаан уулу, жеке гана Кытай кыргыздарынын эмес, жалпы кыргыз элинин сыймыгына татыган окумуштуу, белгилүү манас таануучу, Кытай улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду уулу экендигин дагы кабарлады. 

Адыл агайдын кыргыз адабиятына дагы кошкон салымы опол тоодой. Анын кыргыз эли алдында аткарган, дагы да болсо аткарып жаткан эмгеги тууралуу айтып берсе сөз түгөнбөйт. Агайды улуулук менен жөнөкөйлүктү айкалыштырган чыныгы кыргыз уулу деп айтаар элем. Алыста жүрсө да, “кыргыз” деп жаны күйүп, келечекти ойлонуп, материалдык байлыктан өйдө болуп, руханий дүйнөнү бапестеп баккан агабыз бар экендиги биз үчүн чоң сыймык. 

Адыл агайдын эмгеги түбөлүктүү жашап, ар дайым эки коңшу элдин достугун, ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө болуп, татыктуу кызматташуу алакаларына дагы көмөкчү болооруна эч кандай шек жок.

Биз болсо, ушул жаңылыкка байланыштуу Адыл агай менен байланышып, котормолору тууралуу айтып берүүсүн өтүндүк. 

-Кытай Эл Республикасынын Жуңго мамлекеттик коомдук илимдер академиясында Улуттар адабиятын изилдөө институту бар. Ошол жерде көп жылдан бери “Дүйнө адабияты” журналы чыгып турат. Өлкө ичинде аз болгондо бир 20 миң нусканын тегерегинде чыгып, окурмандарга тартууланат. Эки айда бир жолу чыгып турат. 

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мен котормо иштери менен көп жылдан бери алектенип келем. Бул багыт дагы ишмердүүлүгүмдүн маанилүү бир тармагы болуп саналат. Мына, ушул журналга мен которгон кыргызстандык жазуучулардын дагы эмгектери жарык көрдү. Журналдын жаңы санында Чыңгыз Айтматовдун “Манас атанын ак кар, көк музу” аттуу публицистикасы, Мар Байжиевдин “Каракурт” чыгармасы жана Султан Раевдин “Ит жашоо” чыгармалары жарыяланды. Мындан тышкары, Пекин академиясынын профессору Ж.Турдунун "Кыргызстандын заманбап адабияттары", аттуу макаласы дагы басылып чыкты. 

Чындыгында, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун канчалаган эмгектери кытай тилине которулса дагы, дал ушул “Манас атанын ак кар, көк музу” чыгармасы алгачкы жолу которулуп, жалпы окурмандарга сунушталды. Мар Байжиевдин “Каракурт” аңгемесин мурун бир окудум эле. Ошондо эле, ага абдан кызыгуу пайда болгон. Ал эми, Султан Раевдин “Ит өмүрү” аңгемеси дагы эл арасында абдан таанымал чыгарма эмеспи. Бул эмгек дагы кытай окурмандары арасында эң жакшы ой-пикирлерди жаратып жаткан кез. 

Мен өзүм тээ 1990-жылдардан баштап кыргызстандык жазуучулардын эмгектерин кытай тилине которуп келем. Чындыгына, кытай окурмандарына кыргыз жазуучуларынын чыгармалары абдан кызыктуу. Алар “Дүйнө адабияты” журналына басылып чыккандан кийин бүтүндөй Кытайга белгилүү болду десем жаңылышпайм. 

 Адыл Жуматурду уулу – коомдук кызматтары жана алган сыйлыктары (подзаголовок)

Адыл агай Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун мүчөсү, Кытай аз сандуу улуттар адабияты илимий коомунун күндөлүк иштер адиси, Кыргызстан илимдер академиясынын “Адабият жана искусство маселелери” илимий журналынын чет өлкөдөгү сунуштуу редакция мүчөсү, эл аралык фольклор уюмунун алака адиси (Финляндия, Хельсинки), Эл аралык “Калевала” илимий коомунун мүчөсү (Финляндия, Хельсинки), Эл аралык Айтматов академиясынын академиги (Кыргызстан, Бишкек), Борбордук улуттар университетинин атайын сунуштуу профессору, Сычуан университетинин атайын сунуштуу профессору, магистр аспирант жетекчиси, Кытай “Манас” изилдөө коомунун күндөлүк иштер баш катчысы, Синьцзян кыргыздарынын байыркы чыгармаларын топтоо-иреттөө чакан группасынын жана кыргыздар бөлүгүн редакциялоо комитетинин башчысынын орун басары (редактордун орун басары), улуттар басмасынын орган сыртындагы сунуштуу адиси, Пекин улуттар достук коомунун кеңеш мүчөсү, Хейлунцзян кыргыздары достук коомунун кеңешчиси, Синьцзян жазуучулар коомунун мүчөсү, Пекин шаардык жазуучулар коомунун мүчөсү сыяктуу коомдук кызматтарда эмгектенип келген.

Учурда болсо, Кытай мамлекеттик коомдук илимдер академиясында улуттар адабиятын изилдөө институтунда үзүрлүү эмгектенип келүүдө.   

 Кытай (КНР) коомдук илимдер академиясы улуттар адабият изилдөө  иниститутун илимий эмгек боюнча 1 даражадагы сыйлык(2014ж), СУАРдын өкмөтү тарабынан аз сандуу улуттардын байыркы чыгармаларын иреттөө кызматындагы үлгүлүү кызматкер (2011), Кыргызстан И.Арабаев атындагы университетинин ардактуу профессору (2011), “Манасчылык өнөр жөнүндө изилдөө” аттуу илимий эмгеги үчүн Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун 8-жолку Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөрүнүн “Тоо гүлү” сыйлыгынын ээси (2007),  авторлош жазган “ “Манастын” улуу устаты ـــ залкар манасчы Жусуп Мамай” аттуу илимий эмгеги үчүн СУАР тунгуч кезектүү “Теңир - Тоо адабият көркөм өнөр сыйлыгы” боюнча алдыңкы чыгарма сыйлыгынын ээси, Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун 7-кезектүү Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөрүнүн “Тоо гүлү” сыйлыгында 1-даражадагы илимий чыгарма сыйлыгынын ээси (2004), Жуңго 6-кезектүү аз сандуу улуттар адабият баалашы боюнча эң жогорку сыйлык болгон “Тулпар сыйлыгы” котормо сыйлыгынын ээси (1999), мамлекеттин курулганына 50 жылдык байланышы менен Синьцзяндагы “ахлак – моралдуу жана кесипте мыкты жетилген 100 адабият-көркөм өнөрчүнүн” бири (1999), Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коому жагынан «моралдык-кесипте тең жетилген жаш» (1999) наамын алган.




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)