WeChat      Избранное

Коронавирус кайрадан күчөй баштады – ден соолукка кам көрүү ар бирибиздин өз колубузда

22/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус кайрадан күчөй баштады – ден соолукка кам көрүү ар бирибиздин өз колубузда

ФотоWWW 

Кыргызстанда 4-октябрь күнү болуп өткөн парламенттик шайлоонун арты менен бир катар саясий окуялар болуп өттү. Митингке чыккан миңдеген эл канчалаган күн бою бир катар талаптарды коюп, жыйынтыгында Өкмөт тарап, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Жаңы өлкө башына келген Садыр Жапаров учурда премьер-министр болуп шайлануу менен катар эле, президенттин милдетин дагы аткарып жаткан кези. 

Мына, ушул саясий окуялардын алкагында 2020-жылдын башы менен бүтүндөй дүйнөнү ойго салган коронавирус дарты менен күрөшүү, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо экинчи орунга кетип, ага маани берилбей калгандыгы бардыгыбызга маалым. Эмнегедир,  июнь айынын аягы, июль айында болгон оорунун биринчи толкуну эсибизден тез эле чыгып, ошол кезде коронавируска алыбыз жетпей колубуздан канчалаган жарандарыбызды жулдуруп жибергенибизди унутуп калгандайбыз.

Эми, КР Саламаттык сактоо министрлиги эскерткендей оорунун экинчи толкуну босогобузда баш багып турган мезгили. Күндөн-күнгө бул жугуштуу оору менен ооругандардын саны көбөйүп, октябрь айы элди кайра түйшөлтө баштады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, жалпы эл вирустан коргонуу чараларын эч эле сактаган жок. Той-аштар, жамандык-жакшылыктар кадимкидей эле уланып жатканын белгилешти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элдин карантинден, оорудан, маалыматтан чарчаганын түшүнүү менен кабыл аларын, ошол эле учурда вирустун жайылышын көзөмөлдөн чыгарып жибербөө маанилүү экенин айтты.

"Ооруканага түшүп калгандан көрө беткап тагып, колду жууп, аралыкты сактоо чаралары өтө жеңил эмеспи! Ооруп калбаганга аракет кылыш керек, бул илдет дүйнө жүзүндө жок болуп кете элек. Алдын алыш керек. Өнүккөн өлкөлөрдө тобокел тобундагы адамдар, улгайган кишилер өзүн изоляцияга алып жатат. Ал эми бизде той-ашка барып, төрдө отурганын көрүп жатабыз", - деген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жетекчиси Нурила Алтымышева: “Коронавирус эч жакка кеткен жок. Жарандар санитардык эрежелерди сактоого кайдыгер карашууда. Натыйжада, ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандардан беткап кийип, башка адамдардан 1 метрден кем эмес аралыкты сактоону, колун самын менен 20 секунддан кем эмес жууп же антисептик менен тазалап турууну өтүнөт. Ошондой эле жылуу кийингенге аракет кылыңыздар”, -деп маалымат берди.

Ал күз-кыш мезгилинде респиратордук инфекциялардын жана сасык тумоого кабылгандардын саны көбөйгөнү эпидемиологиялык кырдаалды курчутуп жаткандыгын баса белгиледи.

Айбек Сеитов, мугалим: “Учурда, үй-бүлөмдү, балдарымды, жубайымды ойлоп эле санаа тартып жатам”

-Мен коронавирус дарты менен экинчи жолу ооруп жатам. Тактап айтканда, биринчи июль айында ооруган кезден бери эле толук кандуу жакшы боло элек элем. Ооруканага жатып дарыланып чыккам. Бирок, алсыз болуп, бат эле чарчап, жаным жер тартып эле эч нерсеге көөнүм жок болуп жаткан. Ушул өткөн жума кайрадан жөтөлүм башталды. Жүрөгүм дагы оорлошуп, дем алуум кыйын болууда. Азырынча үйдө үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатам. Негизи суусундукту көп ичип, температурамды түшүрүүгө аракет кылып жатабыз. 

Жашым 43тө, бирок баары бир коркуу сезими болот экен. Шайым жок болуп, кыйналып жатам. Бул оорунун экинчи толкуну деле болбосо керек, менин оюмча организм начарлай түшкөндө, вирустар кайра күч алып, жанданып баштайт окшойт. Учурда, үй-бүлөмдү, балдарымды, жубайымды ойлоп эле санаа тартып жатам. 

Ден соолук биринчи орунда болуусу керек. Ошондуктан ар бир кыргызстандыкты оорудан сактанууга чакырат элем. Ден соолукта болуңуздар. 

Коронавирустун белгилери байкалса 118 номерине чалыңыз 

COVID-19 илдети боюнча жарандарга кеңеш берүү 118 ыкчам байланыш телефону кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-сентябрынан 10-октябрына чейин Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тарабынан тармактарды нукка салуу боюнча техникалык иштердин жана колл-борборлордун операторлорунун окутуудан өткөрүлүшүнө байланыштуу колл-борбордун иши убактылуу токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-жылдын 13-октябрынан тарта COVID-19дун жайылышын алдын алып, калкка аралыктан жана өз убагында квалификациялуу медициналык кеңеш берүү үчүн Бишкек шаарындагы 4 Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, ошондой эле облустук Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда Call-борборлорун ишке киргизди.

Call-борборлор бирдиктүү маалыматтык номурдун негизинде иштешет - 118.

Колл-борборлордун негизги максаты - калкка өз убагында жана квалификациялуу медициналык кеңеш берүү менен COVID-19 оорусунан улам ооруканага жаткырылгандардын санын азайтуу. Коомчулукка коронавирус жөнүндө так жана ар тараптуу маалымат берүү, ошондой эле оорунун белгилеринин негизинде аралыктан кеңеш берүү - ооруканага кайрылууну азайтуу үчүн өтө маанилүү.

Эгерде, дене табыңыз көтөрүлсө; жыт сезбей жана даам татпай жатсаңыз; ич өткөк;алсыздануу, тердөө; булчуңдардын оорушу болсо үйдө калыңыз. 

Үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуңуз (беткап тагыныңыз жана 2 саат сайын алмаштырыңыз, колдун гигиенасын сактаңыз, жеке идиш колдонуңуз, бөлмөңүздөн себеби жок чыкпаңыз, бөлмөнү тез-тезден желдетип туруңуз); үй-бүлөлүк дарыгериңизге (ҮМБ) чалыңыз же смс аркылуу сизде болгон белгилерди жазып жибериңиз; симптомдорго ылайык тийиштүү дарылоону баштоо зарыл. 

Төмөнкү белгилер жана көрсөткүчтөр боюнча өзүн өзү көзөмөлдөө: дене табы, пульстун жыштыгы, дем алуунун оордугу же жетишсиздиги, жөтөлдүн пайда болушу жана күчөшү

(Күн сайын үй-бүлөлүк дарыгериңизге абалыңыз тууралуу маалымат берип туруңуз)

Мындай кырдаалда дүкөндөргө барууга, көчөдө жана башка коомдук жайларда сейилдөөгө, конок чакырууга болбойт. Тест, канга анализ ж.б. тапшыруу үчүн лабораторияга баруу – сизди клиникалык белгилер бар жана пандемия учурунда алар, тесттин жыйынтыгына карабастан, коронавирус инфекциясынын белгилери катары бааланат. Компьютердик томографиядан өтүү үчүн медицина мекемелерине баруу – өпкөдөгү өзгөрүүлөр оорунун белгилүү бир мезгилинде гана көрүнөт, сиз ал учурга туш болбой калышыңыз ыктымал, анчейин көп эмес өзгөрүүлөр сиздин дарылануу тактикаңызды өзгөрбөйт.





(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)