WeChat      Избранное

Евробиримдик Жээнбековдун макамы боюнча позициясын билдирди

13/10/2020  Источник:интернет   шрифта:

Евробиримдик Жээнбековдун макамы боюнча позициясын билдирди

ФотоWWW

Бирикме Кыргызстанда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Европа биримдиги Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт катары тааныйт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 12-октябрда, Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Буриан Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилегин жеткирген.

"Евробиримдик Жээнбековду лидер катары таанып, Кыргызстанга тынчтык жолу менен стабилдүүлүк орной турганына ишеним артат. Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташууга, стратегиялык кызматташуу боюнча келишимди ишке ашырууга зор салымын кошкон", — деп айттырган Жозель Боррел.

Ал ошондой эле Европа биримдиги парламенттик демократияны колдогон Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеген.

"Европа биримдиги президент Сооронбай Жээнбековдун кырдаалды жөнгө салып кетүүгө жетиштүү күчү жана механизмдери бар экенине ишенет. Ошондой эле бардык саясий күчтөрдүн жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен өлкөнү кризистен чыгарып кетет деген үмүттөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, Евробиримдик Кыргызстанда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.




Дагы: https://sputnik.kg/politics/20201012/1050030002/sooronbaj-zhehehnbekov-legimtimduu-institut.html


(Автор:sputnik / Редактор:GL)