Кытайдын мас ханзаадаларынын сүрөтү 40 миллион долларга сатылды
ФотоWWW
Ат үстүндөгү ханзаадалар түшүрүлгөн эмгек императордук коллекцияга кирип, ага бир катар падышалардын мөөрү басылган.
Кытайлык “Ат үстүндө мас абалда үйүнө келе жаткан беш ханзаада” аталышындагы сүрөт Гонконгдогу Sotheby’s аукционунда 41,8 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу US News маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.
Эки метрлик сүрөт XIV кылымда падышанын сарайында кызмат кылган кытайлык белгилүү сүрөтчү Рен Ренфага таандык. Анын эмгектери (жалпысынан 21 сүрөт тарткан) музейлерде жана менчик коллекцияларда сакталып калган.
Кытайлык сүрөтчүнүн эмгеги 65,2 миллион долларга сатылды
Ат үстүндөгү ханзаадалар түшүрүлгөн эмгек императордук коллекцияга кирип, ага бир катар падышалардын мөөрү басылган. Лоттун баштапкы баасы 10 миллиондон баштап, 15,5 миллион долларга чейин болгон.
Эмгекте ат үстүндө бараткан беш ханзаада менен алардын төрт кызматчысы түшүрүлгөн.
Алардын арасынан Ли Лунцзи аттуу ханзаада кийинчерээк Сюань-Цзундун императорлук тагына отуруп, Тан династиясынын башка падышаларына караганда узак убакытка бийлик жүргүзгөн.
последние
Рекомендация
- 1Канайым Бактыгулова: китайским инвесторам необходимо воспользоваться благоприятными условиями для сельского хозяйства в Кыргызстане
- 2Анарбек Катаганов: Для стабилизации ситуации лидеры партий должны забыть о личных амбициях
- 3Узбекистан ввел ограничения на въезд для граждан Кыргызстана и третьих стран
- 4Посол КНР в КР госпожа Ду Дэвэнь встретилась с вновь назначенным Министром иностранных дел КР Р.Казакбаевым
- 5Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме