WeChat      Избранное

Душман кете элек! Бороновдун COVID кесепети боюнча элге кайрылган

10/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

Коронавирустун кесепеттери тууралуу элге маалымат жайылтуу максатында #Сакта #Защити Улуттук маалыматтык өнөктүгү башталды.

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө коомчулуктун биримдиги маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов #Сакта #Защити Улуттук маалыматтык кампаниясынын башталышына байланыштуу жарандарга кайрылуусунда айтылат.

Аталган маалыматтык кампания ден соолукту коргоо чаралары, иммунитетти чыңдоо, коронавирустан кийинки калыбына келтирүү, айрыкча, күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын эске алуу менен калкка маалымдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болуп саналат.

"Кыргыз өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман КРдеги Бириккен Улуттар Уюмуна жана эл аралык өнөктөштөргө өкмөттүн демилгелерин колдогондугу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу, ошондой эле пандемиянын кесепеттерин ыкчам жоюу боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. #Сакта #Защити аттуу Улуттук маалыматтык өнөктүктү өткөрүү боюнча сиздердин салымыңыздар мамлекет жана ар бир жаран үчүн маанилүү. Бул кампания мекендештердин өмүрүн сактоого багытталган", — деди Боронов.

Күмөн жараткан жаңы оорукананын курулушу эмнеге кечигүүдө. Видеорепортаж

Ошондой эле ал учурда оорунун көрсөткүчтөрү төмөн болгону менен, бирок вирус дагы деле арабызда жүргөнүн айтып, эпидемиологиялык коопсуздук жөнүндө унутпоо керектигин эскертти.

"Бул кампания COVID-19дун терс таасири, анын ичинде ден соолукту сактоо боюнча фейк жаңылыктарга бөгөт коюп, элге тастыкталган маалыматтарды жеткирүүгө багытталган. Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө элдин биримдигин бекемдөө акциянын дагы бир маанилүү максаты болушу керек. Бул өзүнүн жана башкалардын ден соолугуна кам көрүү үчүн жарандык аң-сезимди жана жоопкерчиликти талап кылат. Бул — бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-бат жуу, илдеттин белгилери байкалса обочолонуу сыяктуу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоо. Жалпы аракет жана тартип менен гана бул ооруну жеңе алабыз", — деп кайрылган Боронов.

Соңунда өкмөт башчы бардык жарандарга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалап өткөн.





Дагы: https://sputnik.kg/video/20200910/1049578356/koronavirus-sakta-maalymat-onoktugu.html


(Автор:sputnik / Редактор:GL)