WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков: Венгрия — Стратегиялык Кызматташтык жөнүндө Биргелешкен Декларация кабыл алына турган Европанын биринчи өлкөсү

27/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Венгрия — Стратегиялык Кызматташтык жөнүндө Биргелешкен Декларация кабыл алына турган Европанын биринчи өлкөсү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген маегинде маалымдады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, буга чейин бир дагы Европа өлкөлөрү менен мындай келишимге кол коюлган эмес.

«Эми бул кадам өз ара мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге — стратегиялык деңгээлге көтөрөт деп терең ишенем.  Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия „Эксимбанкы“ буйруса 50 млн.евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт. Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-Орус өнүгүү фондундай эле, келечекте ошондой фондго а йлантканга аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары бүгүнкү күндө, Венгрия тарап квотанын санын 75тен 150 орунга чейин дагы бир жолу көбөйтүүгө даяр. Буйруса, 2021-жылдан баштап, 150 студентибиз Венгриянын жогорку окуу жайларына окууга барып, ошол жерден билим алганга жакшы шарт түзүлөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Мамлекет башчысы белгилегендей, 2019-жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин европалык кеңсеси ачылып, кеңештин мүчөлөрүнүн өкүлчүлүгүн, алардын ичинде Кыргызстандын өкүлчүлүгүн каржы жагынан камсыздоону өздөрүнө алышты.

«Мен расмий визитимдин алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам. Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда. Биздин ишкерлерибиздин Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулайбыз. Бул боюнча дагы сүйлөшүүлөр болот. Андан тышкары, жакшы иш-чара болот. Бул Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү иш-чарасы. Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт. Сапар наты жалуу болот деп айтып кеттим, ишенем. Буйруса, бир топ документтерге кол коюлат. Бул барган иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгыбызды жакшы деңгээлге көтөрөт, байланышыбызды күчөтөт», — деп өзгөчө баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


(Автор:GL / Редактор:GL)