WeChat      Избранное

Коронавирустан айыккандардан жуктургандар көбөйдү. Статистика

27/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

Бир сутка ичинде беш медик коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен үчөө Бишкекте, бирөө Баткенде, бирөө Ошто.

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 151 бейтап айыкса, 161 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

Бишкек – 38;

Чүй облусу – 17;

Ош облусу – 32;

Талас облусу – 4;

Ысык-Көл облусу – 10;

Жалал-Абад облусу – 19;

Баткен облусу – 18;

Ош шаары – 13.

Жуктургандар:

Бишкек – 29;

Ош – 13;

Чүй облусу – 9;

Ош облусу – 33;

Талас облусу – 1;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 6;

Жалал-Абад облусу – 23;

Баткен облусу – 45.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 251ге жетти. Анын ичинен 42 453ү ооруну жеңди. Тилекке каршы, илдет 1 063 адамдын өмүрүн алган.

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

Азыркы учурда стационарда 693 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 590 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде беш медик коронавирус жуктуруп алган. Алар:

Бишкек шаары – 3;

Ош облусу – 1;

Баткен облусу – 1.

Ошол эле учурда 14 медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)