Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында онлайн режиминде сүйлөйт
ФотоWWW
Кыргызстандын президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынында үч ирет видео кайрылуу жасары айтылды.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын атынан видео аркылуу кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.
Аталган жумалыктын алкагында ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттары да өтүп, Жээнбеков анын алкагында 23-сентябрда да видео аркылуу кайрылуу жасайт.
Мындан сырткары, мамлекет башчы 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча саммитте видеокайрылуу жасайт.
Маалымат үчүн: Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлмөкчү.
последние
Рекомендация
- 1Не с пустыми руками. Итоги визита министра иностранных дел Китая Ван И
- 2Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында онлайн режиминде сүйлөйт
- 3Атахан Махмудов: “Бул сыноонун артынан дагы жакшы жетишкендиктер келет”
- 4Близкий сосед, лучше... О чем говорили президент Сооронбай Жээнбеков и министр иностранных дел КНР Ван И?
- 5Кытайга болгон карыз кантип өстү? Кыргызстан аны жеңилдетүүнү суранууда