ФотоWWW
Баткен облусунда чек арадан мыйзамсыз мал менен өткөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитсанитардык инспекциянын пресс-кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-сентябрь күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында Тажик Республикасынын Согди облусунун Исфара району менен чектешкен жерде (чек арада), тагыраагы Кара-Бак айылында 2 баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жаткан жарандар, Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын опер кызматкерлери жана Баткен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын инспекторлору менен биргеликте рейд жүргүзүү учурунда кармалды.
Кармалган тургундар Кадамжай районунун Охна айылынын тургуну болгон.
Ага биз тараптан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, КР Бузуулар Кодексинин 156-статьясынын негизинде, (3-категорияда) 5500 сом айып пул салынды. Андан кийин Кадамжай районуна жөнөтүлүп, Кадамжай райондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан карантинге алынып, тиешелүү ветеринардык иштер жүргүзүлүүдө (диагностикалык иштер).
Рекомендация
- 1Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров: Избирательные участки за границей должны быть своевременно обеспечены необходимым оборудованием
- 2Марат Казакпаев: Мы должны уходить в цифровизацию
- 318 семей медиков, погибших от COVID-19, получили компенсацию в 1 млн сомов
- 4Министр иностранных дел КНР посетит Казахстан в сентябре
- 5В свободном полете!