WeChat      Избранное

Аралыктан окуу – Кытайда билим алган биздин жаштар

25/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Аралыктан окуу – Кытайда билим алган биздин жаштар

ФотоWWW

2020-жыл менен бирге кошо кирип келген коронавирус дарты бүтүндөй дүйнөнүн жашоосун токтотуп, аны таптакыр эле башка нукка буруп салгандыгы бардыгыбызга маалым. Көптөгөн тармактар ишмердүүлүгүн аралыктан улантууга мажбур болуп, эң башкысы ден соолук коопсуздугуна кам көрүү максаты биринчи орунга чыкты. Билим берүү тармагы дагы алардын катарында. Азыркы тапта, Кыргызстанда билим берүү бардык жайларда аралыктан окутуу менен өтүп жаткандыгын билебиз. Бул тууралуу дагы көп эле маалыматтарды бердик. 

Бүгүн болсо, Кытай жергесинде билим алып жаткан биздин жаштар “учурда кандай абалда окуусун улантып жатышат?”, - деген суроонун тегерегинде материал даярдоону чечтик. Ошондуктан, коңшу мамлекеттен билим алып жаткан жаштарыбыз менен байланышып, Кытайдагы пандемияга каршы иш-чаралар менен бирге аралыктан окуу системасы тууралуу билдик. 

Аймончок Болот, КЭРдин Хайнань университетинин магистранты: “Пандемиянын алдын-алуу боюнча Кытайда көрүлгөн чараларды, үйдө дагы колдонуп жатам” 

-Биз декабрь айынын аягы менен кышкы каникулга чыктык . Көптөгөн студенттер өз өлкөлөрүнө кайтышты. Ал эми, калган студенттер болсо иштөө үчүн калышты. Өзүңүздөр билгендей, Хайнань туристтик арал болуп саналат. Анын түштүгүндө жайгашкан Санья шаарында болсо тил билгендер үчүн иштөөгө бардык ыңгайлуу шарттар бар. 

Ошондуктан, Саньяга барып кээ бирибиз котормочу болсок, кээ бирибиз гид болуп жумушка орноштук. Бир-эки ай өтүп калган соң, коронавирус дарты тууралуу айтылып, көпчүлүк туристтер билеттерин тапшырып, Кытайдан кетип жатышты. Жумуш токтоду. Биздин студенттерден мени менен төртөөбүз Кытайда калдык. Ошондо, университетте жалпы чет өлкөлүк студенттерден 40тай адам калды. 

Биз Кытайдын пандемияга каршы жүргүзгөн ишмердүүлүгүн өз көзүбүз менен көрдүк десем жаңылышпайм. Эң алгач эле университет студенттерди сыртка чыгарбай, кампустун ичинде гана жүрүүгө уруксат берди. Зарыл болгон тамак-аш продукциялары менен камсыз кылып жатты.  Ошондуктан, сыртка чыгууга деле муктаждык болгон жок. Бирок, баары бир баарлашуу,сүйлөшүү жетишпей жатты. Себеби, ар кимибиз өз комнатабызда болуп, бул күндөрдү жалгыздыкта өткөрдүк десем болот. 

Чындыгында, биз бардыгыбыз КЭР Өкмөтүнүн бул багытта алып барган ишине таң бердик. Көрүлгөн чаралар өтө катаал болгону менен, ошончолук эффективдүү болду. Ар бири ойлонулуп, туура жана так аткарылып жатты. Чек аралар жабылып калды. Кыргызстанга кайта албай калдык. Ал эми, бул жакта коронавирус башталганда бардыгыбыз ата-энебизге, жакындарыбызга сарсанаа болуп, КЭРдеги Кыргызстандын элчилигине, Гуанчжоудагы консулдукка кайрылып, ата мекенибизге кайтууга көмөкчү болуп берүүлөрүн өтүндүк. 

Тилекке жараша, элчиликтин жардамы менен Кыргызстанга кайтып келдик. Мен ошол кезден бери эле үйдөмүн. Кытайда көрүлгөн чараларды, үйдө дагы колдонуп жатам десем болот. Сыртта беткабы жок, эч кандай санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабаган мекендештеримди көрүп таң калуудамын. Чындыгында, биздин Өкмөт дагы Кытай сымал катаал чараларды киргизсе, бул кырдаалдан эрте, ийгиликтүү чыгып кетет белек деп ойлонуп калам.

Окуум тууралуу айта турган болсом, учурда аралыктан сабак өтүү болуп жатат. Өзүбүздүн университеттин бул багытта иштеп чыккан жеке программалары бар. Ошолор менен иштешип, окуп жатабыз. Аралыктан окуу, чындыгында бизге залалын деле тийгизген жок. Себеби, Кытайда санариптешүү абдан өнүккөн. Ал бардык тармактарда өөрчүп, чыңдалган. Билим берүү жааты дагы мына ушул тармактардын катарында. Ошондуктан, бул багытта эч кыйналган жокмун. Система бир калыпка салынган. 

Ариет Сыртбаева, КЭРдин Фучжоу университетинин студенти: “Окуу жайыбызга барып окууну сагындык”

-Мен Фучжоу университетинде 3-курста окуйм. Окуу жайым мага абдан жагат. Учурда, пандемияга байланыштуу сабактар аралыктан өтүп жатат. Окуунун башында бираз кыйынчылыктар болду, бирок азыр көнүшүп калдык. Биз ал жакта окуп келгенибиз үчүн окуу бир топ жеңил болууда. Бардыгыбыз бир-бирибизди тааныйбыз. Вичат группабыз бар. Мугалимдерди дагы жакшы билебиз. Бул багыттан алганда бизге өтө эле жеңил. 

Ал эми, быйыл жаңы окууга өтүп, кырдаалга байланыштуу аралыктан окууга аргасыз болуп жаткан студенттер үчүн чындыгында эле оор болууда. Алар эч кимди таанышбайт, кандайдыр бир зарыл болгон маалыматты алуу үчүн кимге кайрылуу керектигин дагы биле беришпейт. 

Сабактар эртең менен башталып, кечинде бүтөт. Бул жерден ошо, убакыт айырмачылыгына көнүшө албай жатабыз. Мисалы, Кытайда 9:30да сабак башталса менде таңкы 7:30да башталат. Сабактар америкалыктарга түн ичине  туура келип калып жатат. 

Ал эми, жалпысынан алганда аралыктан окуу Кытайда жакшы өнүккөн. Бардык зарыл болгон техникалык жабдыктар, программалар иштелип чыккан. Бирок, баары бир окуу жайыбызга барып окууну сагындык. Ал жактын атмосферасы өзгөчө болот эмеспи. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)