WeChat      Избранное

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

17/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

ФотоWWW

Каражат шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн берилгени жатат.

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң доллар бермей болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн КРдеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, берилген каражатка шайлоочуларды идентификациялоочу шайман, автоматтык урна жана монитор алынат.

Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама

Мындан сырткары, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги кеңсеси тарабынан Кыргызстандын 21 коопсуздук кызматкерине "Шайлоо коопсуздугу боюнча тренинг" өткөрүлгөнү белгиленди.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)