WeChat      Избранное

Өкмөт: той, массалык иш-чараларды өткөргөндөргө көзөмөл күчөтүлөт

24/09/2020  Источник:интернет   шрифта:


Өкмөт: той, массалык иш-чараларды өткөргөндөргө көзөмөл күчөтүлөт

ФотоWWW

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өкмөт пандемияны эске алып салыктарды жеңилдетсе, ишкерлер оору менен күрөшүүгө жардам бергендин ордуна тойлорду жашыруун өткөрүп жатканын белгилеген.

Республикалык штаб жергиликтүү бийликке жана мамлекеттик органдарга эл көп чогулган массалык иш-чараларды жана тойлорду өткөрүүгө тыюу салуу талабын коюп, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, штабдын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү айрым аймактарда коронавирус жана өпкөсү сезгенген учурлар катталып жатканын айткан.

"Кыргызстандыктардын көбү бет кап тагынбай, киши арбын чогулган иш-чаралар өтүп жатат. Мындан улам жаңы учурлар катталууда. Жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери адамдар тарабынан көз жаздымда калууда", — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай той, салтанаттар арбын өтүп жатканын белгилеп, айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү керектигин айтышкан.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өкмөт пандемияны эске алып салыктарды жеңилдетсе, ишкерлер оору менен күрөшүүгө жардам бергендин ордуна тойлорду жашыруун өткөрүп жатканын белгилеген.

Жашырынып тойлогон "генийлер" жана акылга сыйгыс ушактар. Пандемиядан алган сабак

"Тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл алат", — деди Баатырбеков.

Жергиликтүү бийликтин жана тармактык органдардын өкүлдөрү бет кап кийүүгө көзөмөл күчөтүлүп, базарлар дезинфекцияланып жатканын айтышкан.

"Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн айрымдарында эпидемиологиялык кырдаал начарлаганы байкалып жатат. Биздин эл да абалдын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликтүү болуп, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга тийиш. Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу керек", — деди биринчи вице-премьер.

Баатырбеков аталган министрликке медициналык мекемелерде дары-дармектердин, жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттардын жана антисептиктердин үч айлык запасын кыскартылгыс көлөмдө түзүп туруу тапшырмасын берген.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)