WeChat      Избранное

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапары

25/09/2020  Источник:оригинал   шрифта:

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапары

ФотоWWW

13-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Мамлекеттик кеңештин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.

Мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөнү, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытай Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жолугушуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон саламын айтты.

Ал ошондой эле Си Цзиньпиндин билдирүүсүн окуп берди. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер коронавирус инфекциясы пандемиясынан улам келип чыккан сыноолорго туруштук бергендиги, эми азыр пандемиядан кийин кызматташтыкты, анын ичинде “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында да бекемдөөгө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапары

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ван И, КЭРдин Тышкы иштер министри: “Биз Кыргызстандын өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү бар өнүгүү жолдорун колдойбуз” (подзаголовок)

Ал эми, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында өзүнүн расмий сапарынын максаты тууралуу айтып берди. Ал Кыргызстанга расмий сапар менен келип жатканына кубанычта экенин билдирди.

“Менин келишимдин максаты - COVID-19га каршы күрөштө кызматташууну чыңдоо. Пандемия чыккандан кийин биздин элдер ынактыкты көрсөттү. КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр учурунда коронавируска каршы күрөш боюнча манилүү макулдашууларга жетишти”, - деди ал. Ал Кыргызстан коронавирус боюнча кырдаалды колго алганын билдирди.

“Биз Кыргызстандын өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү бар өнүгүү жолдорун колдойбуз. Биз Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүлөргө каршыбыз. Биз Кытайдын түз кызыкчылыктарына тиешелүү маселелердеги колдоого ыраазычылык билдиребиз. Пандемияга байланыштуу жылдын биринчи жарымында болгон жоготуулардын ордун толтуруубуз керек. Кызматташууну жандандыруу керек. “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекети иштеп баштаганы тууралуу маалымат бизди кубандырды”, - деди ал.

КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапары

Ал Кытай Кыргызстандан айыл чарба продукциясынын импортун көбөйтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал Кытай Кыргызстан менен санарип тармагында кызматташууга даяр экенин айтты.

Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын КЭРге экспорттоо маселелери дагы каралды 

КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушууда эмнелер талкууланган айтып берди. Бул тууралуу  ТИМдин басма сөз кызматы  билдирди.

“Мурда жетишилген макулдашуулар боюнча оң динамика бар экени белгиленди. Алсак, гранттык жана насыя макулдашуулары боюнча. Пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарга карабай бизде кытайлык адистер иштеп жатат. Бүгүнкү күнү ал документтер ишке ашырылууда", - деди КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков.

COVID-19 пандемия убагында бийик даражалуу коноктун Кыргызстанга бул жолку келиши алар тараптардын стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге чоң маани берилип жатканын күбөлөйт.

Маектешүү учурунда министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоолору үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашырылышы аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлорду иш жүзүндө алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын КЭРге экспорттоо маселелерине да токтолушту.

Тараптар ушул жылдын 8-сентябрынан тартып “Торугарт” КϴП аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышына канааттануусун билдиришти. КР менен КЭРдин ортосундагы өз ара жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары айтылды, ал Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктү кызыктыруу үчүн дегеле негизги кадам болуп саналат.

Макроэкономикалык кырдаалга коронавирустук инфекциянын терс таасири тийип жаткандыктан КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү маселесине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Сапардын алкагында “Кыргыз Республикасынын ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн-сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын бекемдөө” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ϴкмөтүнүн ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берүү пландалууда.

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору, профессор, Укук жана саясий илимдер Шанхай университетинин штаттан тышкары профессору: “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында ар тараптуу кызматташууну бекемдөө багыты талкууланды” (подзаголовок) 

-13-сентябрь күнү Кыргызстанда Кытай Эл Республикасынын жогорку даражалуу кызмат адамы Ван И мырза иш сапары менен болуп кетти. Ал коңшу өлкөнүн Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү болуу менен катар эле Тышкы иштер министри кызматын дагы аркалап келет. 

Ван И мырза пандемиядан кийинки алгачкы жумушчу сапарынын алкагында Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Монголия мамлекеттеринде болуп кайтты. Сапар учурунда ал өзүнүн кесиптештери жана мамлекет башчылары менен жолугушту. Жолугушуунун күн тартибинде жалпы маселелер талкууланып, пандемияга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү багыты дагы каралды. Муну менен эле катар, экономика жана башка тармактарда кызматташтыкты тереңдетүү, санариптик экономика жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери дагы талкууланып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Тараптар дагы бир ирет мультилатерализмди кеңейтүүгө кызыкдарлыгын тастыкташты. Тактап айтканда, Кытайдын “Бир алкак – бир жол” глобалдуу демилгесинин алкагында ар тараптуу кызматташуу байланышын бекемдөө багыты дагы талкууланды. Эскерте кетсек, мультилатерализм (көп тараптуулук) бул – эл аралык тышкы экономикалык уюмдар ар бир өлкөнүн артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген механизмдерге негизделген өнөктөштөр менен болгон мамилелер. Тараптар бул багытта кызматташуу бар экендигин белгилеп, анын жыл сайын чыңдалып, өнүгүп жаткандыгына токтолушту. 

Жолугушууда алдыда боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынында Экинчи Дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө фашизмдин үстүнөн болгон жеңиштин 75 жылдыгына дагы даярдык жасоо өзүнчө белгиленди. 

Ал эми Ван мырза менен Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда болсо, биздин өлкө башчыбыз КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мырзага жана Кытайдын Өкмөтүнө пандемия учурунда берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Коронавирустун терс таасирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык кырдаалына байланыштуу Сооронбай Жээнбеков Кытай Кыргызстандын тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Ал келечекте мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасап, айыл чарба, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. 

Игорь Шестаков, саясий серепчи: “КЭР Кыргызстанга пандемиянын күчөп турган кезинде сөз менен эмес, кылган иши менен чыныгы достук мамилесин көрсөтө алды”

-Жакында эле КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И мырзанын Борбордук Азия аймактарына иш сапары болду. Пандемиянын Кытай экономикасына дагы тийгизген терс таасирине карабастан коңшу мамлекет өзүнүн стратегиялык өнөктөш өлкөлөрү менен өз ара карым-катнашын  бекемдеп, чыңдоодо. Менин жеке пикиримде, бул карым-катнаш, колдоо азыркы кырдаалда абдан маанилүү. 

Бардыгыбыз көрүп жаткандай, дүйнөлүк экономикалык процесстердин кыймылы жайлап, азаюда. Дүйнөлүк деңгээлдеги экономикалык кризис доорунда жашай тургандыгыбыз белгилүү болуп калды. Мисалы, экономисттердин айтуусу боюнча учурдагы абалды Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаган жылдарына салыштырса болот. Мына, ушундай кырдаалда дагы Кытай Эл Республикасы өзүнүн сырткы саясий-экономикалык багыттарын өзгөртпөстөн, долбоорлорун жүзөгө ашырууда артка карай чегинген жок. Алар достук алакадагы коңшу, өнөктөш, шериктеш мамлекеттерге колдоо көрсөтүү менен, дагы да болсо ар тараптуу кызматташтык алакаларын бекемдөөдө. Бул аракеттер жогоруда айтылган КЭРдин Тышкы иштер министри Ван Инин бир катар мамлекеттерге болгон жумушчу сапары толук далил. 

13-сентябрь күнү Ван мырза Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Бул жолугушууда эки тараптуу маселелер талкууланып, кызматташуунун бир катар багыттары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Анда жеке гана ковид-19 жааты айтылбастан, башка тармактар дагы талкууланды. Санариптешүү боюнча кызматташуу алакаларын бекемдөө маселеси дагы каралды. 

Бул жерден мен Ван мырзанын: “Кытай башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпейт”, - деген сөзүнө дагы басым жасамакчымын.  Чындыгында, өзүнүн “демократиялык” принциптерин таңуулаган кээ бир мамлекеттерге караганда Кытай өлкөнүн эркиндигине, улуттук баалуулуктарына урматтоо менен мамиле кылат. Мындан сырткары, КЭР Кыргызстанга пандемиянын күчөп турган кезинде, эл башына оор учур түшкөндө сөзү менен эмес, кылган иши менен чыныгы достук мамилесин көрсөтө алды деп эсептейм. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)