WeChat      Избранное

Ата-энем, бир туугандарым менен жөн гана бир арага чогулуп, мурдагыдай сүйлөшүп отуруу эле өзү чоң бакыт экендигин сездим

27/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Ата-энем, бир туугандарым менен жөн гана бир арага чогулуп, мурдагыдай сүйлөшүп отуруу эле өзү чоң бакыт экендигин сездим

ФотоWWW

Мына, жарым жылдан ашуун бүтүндөй дүйнө жүзүн COVID-19 дарты каптап, жашоо нугун таптакыр башка өңүткө буруп, эл арасында дүрбөлөң салып жүргөн кези. “Коронавирус” сөзү учурда улуу адамдардын гана эмес, кичинекей балдардын дагы оозунан түшпөй, ар бирибиздин күнүбүз “бүгүн канча киши ооруп, канчасы айыкты, кайтыш болгондор жок болду бекен” деген суроолор менен башталып келе жаткандыгына көп убакыт өттү. 

Чындыгын айтканда, коронавирус дарты жаңы гана башталып, дүйнө жүзүнө тарап жаткан кезде бул ооруга өзгөчө деле көңүл бурбадык. “Мындай оору жок, кандайдыр бир күчтөр жөн гана элди дүрбөлөңгө салып жатат” деген ой-пикирлер байма-бай интернет баракчалары аркылуу жайылып, элибиздин бул дартка керектүү деңгээлде көңүл бурбай койгондугуна дагы чоң себепкер болду. 

Убакыттын өтүшү менен Кыргызстандын башына дагы мына ушундай оор күндөр туш келип, коронавирус менен ооругандардын саны июнь айынын башы менен укмуштуудай көбөйүп баштады. Андан кайтыш болгондор дагы көбөйүп, ооруканалар бейтаптарга толуп, канчалаган жарандарыбыз коронавирус менен күрөштө жалгыз калып, арты оор жоготуулар менен дагы аяктап жатты.  

Дарыгерлерибиз болсо арты-артынан өздөрү ооруп, ошого дагы карабастан бейтаптардын өмүрүн сактап калууга болгон күч-аракеттерин жумшап жатышты. Алардын түйшүгүн аз да болсо жеңилдетүү максатында жаштардан ыктыярчылардын топтору түзүлүп, бул топтор колунан келген жардамдарын бейтаптарга көрсөтүп келишти. Элибиздин биримдигинин, кайрымдуулугунун, жаштарыбыздын мыктылыгынын арты менен бул көзгө көрүнбөгөн душман менен болгон салгылаш тынымсыз жүрүп жатты. Бүгүнкү күнү дагы бул дарт менен болгон күрөш уланууда.

Бишкекте бейтаптардын саны эң көп болуп, ооруканаларда жатып дарыланууга орун эмес, кеп-кеңешин алууга дарыгер тапбай турган кез эле 

Азыркы тапта, өлкөбүздө коронавирус менен ар бир үй-бүлө ооругандай эле сезим калууда.  Кимдин иммунитети күчтүү болсо алар жеңил өткөрүп, ал эми өнөкөт оорулары болуп, организми начар болгондор дарыгерлердин көмөгүнө муктаж болушууда. 

Мени дагы бул оору айланып өткөн жок. Канчалык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактаганым менен коронавирус менен ооруп калдым. Ошондуктан, бүгүн мен окурмандарыбыз менен ушул багытта өз тажрыйбам менен бөлүшүүнү туура көрдүм. 

Чындыгын айтканда, коронавирус менен болгон күрөшүүм меники эки айга чейин созулду. Оорунун эң башкы алгачкы симптому бул бүтүндөй дене-боюм ооруп, сөөктөрүмө чейин тызылдатты. Төшөктөн тура албай эле, көөнүм эч нерсеге тартпай шалдырап жатып калдым. Өзүм астма менен ооруганым үчүн дем алуум кыйындап, бир топ шайымды кетирип койду. Дене табым дагы көтөрүлүп, кайра түшүп жатты. Ал кезде Бишкекте дагы бейтаптардын саны эң көп болуп, ооруканаларда жатып дарыланууга орун эмес, кеп-кеңешин алууга дарыгер тапбай турган кез эле. 

Ата-энем, бир туугандарым менен жөн гана бир арага чогулуп, мурдагыдай сүйлөшүп отуруу эле өзү чоң бакыт экендигин сездим

Мына, ошол кезде лимон, имбирь менен сарымсакка болгон суроо-талап күчөп, алардын баасы дагы асмандын башы болду. Карантинден жаңы гана чыгып, акчасы тартыш болгон карапайым калктын башына чындыгында эле мүшкүл иш түштү. Дары-дармектер табылбай, табылса дагы өз баасынан 4-5 эсе кымбат сатылып жатты. Акчанын күчүнө салып зарыл болгон дарыларды алып жаттык. Бирок эч жерден таба албаган дары каражаттары дагы болду.

Ошол кезде, редакциянын жетекчилиги абдан чоң колдоо көрсөттү. Карантин баштала электе эле, биздин ден соолугубуздун коопсуздугу үчүн аралыктан иштөө чечимин кабыл алышып, азыркы учурга чейин үйдөн чыгарбай, дистанттык режимде иштетип келишет. Ар күнү дене табыбыбызды ченеп, ал-абалыбыз тууралуу маалымат алып турушат. Ал эми, мен ооруп калгандан кийин жетекчилик Кытайда болсо дагы, бул жактан дарыланууга зарыл болгон дары-дармектер менен бекер камсыз кылып, ар күнү байланышта болуп турушту. Зарыл болгон дарыланууну убагында алып, жетекчилигибиздин көзөмөлүндө болуп, ар бир кеңештерин туура жана так аткарганым үчүн бир айга жетпей жакшы болуп кеттим. Астмам дагы кармабай, дем алуум жеңилдеди. 

Медицина кызматкерлери бүгүнкү күндүн чыныгы баатырлары 

Үч жумадай ооруп, жаңы гана баш көтөрүп ооруну жеңип чыктым окшойт деген кезде, сырттан ооруп келгендер менен байланышта болуп, кайрадан катуу ооруга чалдыктым. Көрсө, ооруп айыккандан кийин дагы организм өз калыбына келүүсү үчүн  бир канча убакыт талап кылынат экен. Ошол мезгилде колдон келишинче ооругандар менен байланышта болбоо зарыл. Анткени, организм начар болсо, кайрадан ооруп калуу коркунучу күч экен. 

Ошентип, кайрадан ковид менен жыгылдым. Бул жолу “эки тараптуу пневмония” деген диагноз коюлду. Биринчи дарыланганда үйдө болуп, дары-дармектин күчү менен жакшы болуп чыксам, бул жолу ооруканага жатууга туура келди. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой азыркы тапта бейтаптардын саны азайып, ооруканаларда орун болуп, дары-дармектер кеңейип калган учур эмеспи. Ошондуктан, Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына эч кыйынчылыгы жок эле кабыл алышты. Коронавирустун бир толкунун өткөргөн медицина кызматкерлери бул жаатта бир топ эле тажрыйба топтоп калышыптыр. 

Дарыгерлер эртең менен жана кечинде келип бизди бир сыйра кыдырып, оорулуунун ал-абалына жараша күн сайын жаңы дары-дармектерди жазып берип турушту. Эң башкысы бардык медкызматкерлер абдан илбериңки болуп, кабак-кашын түйүп, орой мамиле кылган эч кимиси болбоду. Ооруканада кыймыл таңкы беш жарымдан эле башталат экен. Анализдерди алып, дарыларды куюп, иш атайын түзүлгөн алгоритмдин негизинде жүргүзүлүп жатты. Бардык дары-дармектер бекер болду. Эртең менен жана кечинде каша болсо, түштө тамак биринчи жана экинчи түрү менен берилип жатты. Ашканасында болсо чай ичүү үчүн ар дайым суу кайнак болуп турду. Палаталар күн сайын эки маал жуулуп, дезинфекцияланып жатты. Медайымдарга кайсы маалда кайрылсаң дагы өз жардамын көрсөтүп, эгерде кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралып калса, анда көзөмөлдөп жаткан дарыгерге чалып, зарыл болгон кеп-кеңештерди алып берип турушту. 

Чындыгында, бул ковид менен күрөшүүдө медицина кызматкерлеринин күчү эбегейсиз болду. Аларды көрүп абдан боорум ооруду. Медициналык атайын коргоочу кийимдерди кийгендиктери үчүн кыймылдоо абдан оор болуп жаткандыгын айтып жатышты. Ийне сайып, мындай бейтапты караган жеңил эле, ушул костюмдардан кыйналып кетип жатабыз дешти. Себеби, андан эч кандай аба өтпөйт экен. “6 саат бою кийимди эч чечпегенден улам бөйрөктөрүбүз дагы ооруп калчу болду”, - деп айтып жатышты. 

Муну менен эле катар, алар ар бир бейтаптын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, психологдун дагы ордун басышты. Кийген костюмдарынын ичинен суу куюлуп, кыйналып жатышса дагы, өз кызматын так жана тыкан аткарып жаткандыктарын көрүп абдан баа бердим. Чындыгында, ушундай шартта иштеп, өз ден соолугун тобокелге салып коюп, башкалардын саламаттыгына кам көрүп жүргөн медицина кызматкерлери бүгүнкү күндүн чыныгы баатырлары экендиги шексиз. 

Түбөлүктүү жашоочудай болуп, бир канча жыл алдыга план коюп алганым мага абдан күлкүнүчтүү сезилди 

Менин баамымда жакшы тамактанып, иммунитетти чыңдап, болоор-болбоско нерв болбой өзүңдү сактоо бул-ковидге каршы күрөшүүдөгү эң эффективдүү жол десем жаңылышпайм. Чындыгында, коронавирус менен организм өзү күрөшөт экен. Эң башкысы биз ага жардамчы болуп эле, күчтүүлөп тамак жеп, бир нерсеге кайгырып же нерв болбогонго аракет кылуубуз зарыл. Себеби, маанай түшүп, кандайдыр бир ойго алдырганда эле вирус күчтөнүп, кайрадан кадимкидей жандана баштаарына күбө болдум. Ошондуктан, позитивдүү ойлорду ойлоп, музыка угуп, ар кандай көңүл чөктүргөн видеолордон, жаңылыктардан алыс болуу керек. 

Бул оору психологияга чоң таасир этет. Чынын айтсам, бул оору мага жашоомду кайрадан анализдеп, ойлонуп чыгууга өбөлгө болду. Күнүмдүк жашоонун агымы менен кете берип, мен көптөгөн баалуулуктарды унутуп бара жатканымды билдим. Ата-эне, бир туугандарымдын баркын сезип, алар менен жөн гана бир арага чогулуп, мурдагыдай сүйлөшүп отуруу эле өзү чоң бакыт экендигин сездим. “Тигил жумушум калды, бул жумушум калды” деп жанталашып жүрүп, оңураак сүйлөшкөнгө убакыт тапбай калгандыгым үчүн өзүмдү күнөөлөдүм. 

Ооруп катуу кыйналган убакта, чындап эле ушинтип жашоо бүтүп калабы деп ойлодум. Мен ата-энеме, бир туугандарыма, жолдошума, жакындарыма айта элек канча сөзүм бар экендигин аңдадым. “Шашпай сүйлөшөм, анан чалып коем”,-деп коюп, башка иштер менен алаксып кеткениме өкүндүм. Түбөлүктүү жашоочудай болуп, бир канча жыл алдыга план коюп алганым мага абдан күлкүнүчтүү сезилди. Жан дүйнөм буркан-шаркан болуп, талкаланып жатты...

Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп, ооруканадан чыккандан кийин, мурун мен үчүн эбегейсиз көйгөй болуп, кайгыга салган маселелер эң эле майда нерсеге айланды. Андай күнүмдүк майда-баратка көңүл буруп, аларды чоңго айлантуу менен мен өзүмдүн өмүр дарыямды кирдетип, агындыларга толтуруп жаткандыгымды билдим. Жашоонун баалуулуктарын кайрадан жаңы көз караш менен карап чыгууга мүмкүнчүлүк болду. 

Ошондуктан, кандайдыр бир деңгээлде бул “сыноо” мен үчүн пайдалуу дагы болду десем жаңылышпайм. Жашоонун ар бир көз ирмеминен бакыттын учкундарын табууга болот. Андыктан, ар бириңиздерге чың ден соолук каалоо менен бирге, жан дүйнөңүздөрдүн мемиреп тынчтыкта болуусун дагы тилеп кетмекчимин. 

Светлана Курбанова, медициналык - консультативдик кызмат жана спорттук медицина борборунун жогорку даражалуу инструктору: “Оорудан кийин туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо – ден соолукту чыңдоого жардам берет” (бокс-врезка) 

Ата-энем, бир туугандарым менен жөн гана бир арага чогулуп, мурдагыдай сүйлөшүп отуруу эле өзү чоң бакыт экендигин сездим

Адамдын дем алуу органдарынын оорулары, анын ичинде пневмониянын тийгизген кесепеттеринен арылуунун бир жолу – дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу болуп саналат. Оорудан кийин туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо – ден соолукту чыңдоого жардам берет.

Туура дем алуу көнүгүүлөрүнүн негизги максаты – дем алуу органдарынын булчуңдарын бекемдөө, өпкөнүн туура иштешин жөнгө салуу жана адамдын иммунитетин көтөрүү болуп эсептелет. Дем алуу көнүгүүлөрү, адамдын демигүүсүн токтотуп, өпкөдөгү туруп калган какырыкты чыгарып, жеңил дем алуусуна жардам бермекчи. 

Көнүгүүлөрдү желдетилген бөлмөдө, кенен кийим кийип, тамактангандан 2 сааттан кийин, жай жана орто кыймылда күнүнө 3 жолу 10 мүнөттөн аткарган оң.

Көнүгүүлөрдөн кийин таза абага сейилдөөгө чыгуу дагы жакшы жардам берет. Оорудан сакайган адам, алдыга эки кадам таштаганда демди ичине тартып, кийинки төрт кадам аттаган убакта, ичтеги демди чыгарган туура болот. 






(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)