WeChat      Избранное

Коронавирустан кантип сактанып, кандай дарылануу зарыл?

12/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Коронавирустан кантип сактанып, кандай дарылануу зарыл?

Коронавирустан кантип сактанып, кандай дарылануу зарыл?

ФотоWWW

Коронавирус илдети Кыргызстанда өзгөчө тездик менен тарап, жалпы эл абдан кыйналып жаткан мезгил. Учурда, илдет өлкө ичинде жогорку чекке жетип артка тартты деген менен, дагы да болсо ооругандардын, андан кайтыш болгондордун саны Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу көп болууда. 

Ошондуктан, биз КРдин Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык штабдын сунуштамаларына таянуу менен бул жугуштуу дарт тууралуу, андан кандай коргонуу, кандай дарылануу керек экендиги жөнүндө материал даярдап, ооруп айыккандар үчүн дагы зарыл болгон көрсөтмөлөрдү сунуштоону чечтик. 

COVID-19 жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана сүйлөшкөндө шилекей чачыраса, аба жана чаң аркылуу, кол алышуу жана башка күнүмдүк турмуштагы байланыш аркылуу жугат. Анын башкы белгилери катары адамдын дене табынын көтөрүлүүсү, жөтөл, дем алуунун оорлошуп, демдин кысылуусу, шалдыроо, алсыроо, баш оору болуп саналат. 

Оорунун белгилери коронавируска чалдыккан адам менен байланышкандан 14 күндөн кийин пайда болушу ыктымал. Көп учурда анын симптомдору респиратордук ооруларга окшоп суук тийгендей болуп, сасык тумоо сыяктуу таасир этет. 

Эгерде, сизге коронавирус жуккандыгынан шек санасаңыз, анда үйдөн чыкпай обочолонуу режимин сактаңыз. Беткап тагынып, аны ар үч сааттан кийин алмаштырып туруңуз. Дене табыңызды текшерип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге же 118, 112, 103 ыкчам байланыш номерлерине чалыңыз. Соңку эки жумада кимдер менен жолукканыңызды белгилеп коюңуз.

Бир бөлмөдө аз алдынча жашоого, үй-бүлө мүчөлөрү менен да байланышпоого аракет кылыңыз. Сизге бир гана адам тамак ташып, керектүү нерселерди алып келип берип турсун. Жөтөлүп же чүчкүрүп жаткан учурда ооз менен мурунду бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабыңыз. Колдонулган кагаз бет аарчыларды оозу жабылуучу таштанды челекке таштоо керек. Мындан соң колду самындап жууп же спирт камтылган антисептикалык каражат менен дезинфекциялоо зарыл.

Жеке буюмдарды : идиш-аяк, сүлгү, шейшеп жана башкаларды пайдалануу зарыл. Бөлмөнү дезинфекциялап жана тез-тез желдетип туруңуз. Үйдө өзүн-өзү дарылап жата берүү өтө кооптуу, муну өзгөчө өнөкөт оорусу бар адамдар эске алышы керек.

Айнура Кутманова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы инфекционисти: “Оорунун алгачкы күндөрү өзүн-өзү дарылоо жана дене табын түшүрүү сунушталбайт”

-Адамда оорунун белгилери (дене табынын 38 ге чейин көтөрүлүшү, тамак оору жана жөтөл, алсыздык) пайда болуп, оору башталганда жарандар активдүү дарыланып башташат, өзгөчө алгачкы күндөрү. Бул өтө кооптуу. Оорунун алгачкы күндөрү организм өзү вирус менен күрөшөт, мындан улам дене табы көтөрүлөт. 

Биринчи беш күн аралыгында өзүн-өзү дарылоо жана дене табын түшүрүү сунушталбайт. Эгерде дене табы 38 ге чейин болсо, алгачкы 5 күндө бир гана суюктукту көп ичүү сунушталат. Ал эми, дене табы 38,5 градустан ашкан учурда, парацетамол же ибупрофен сыяктуу дене табын түшүрүүчү дарыларды колдонсо болот. Эсиңиздерде болсун, көп дозада парацетамол ичүү – организмге терс таасирин берет.

Вируска каршы дарылар сунушталбайт, алардын эффективдүүлүгү бир дагы өлкөдө далилденген эмес. Бир гана төшөктө жатуу режимин сактоого болбойт, тескерисинче көп кыймылдап, ич менен жатуу сунушталат.

Оору башталган күндөрү гормоналдык - декстаметазон жана башка ушул сыяктуу дарыларды ичүүгө болбойт. Ал эми, антибиотиктер вирусту дарылоого колдонулбайт. Гормоналдык дарыларды жана антибиотиктерди колдонгон учурда, организмдин коргонуу системасы төмөндөп, вирустун башка органдарга дагы жайылып кетиши ыктымал.

Ар бир дары-дармек лаборатордук көрсөтмөнүн негизинде дайындалышы керек.

Ооруп жаткан адамдын абалы оорлоп баратканда, дарыгердин кеңеши жана анын көзөмөлүндө дарылануу керек.

Нурила Алтымышева, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору: “Коронавирустан кийин ар бир адамда реабилитация процесси ар башкача болот” 

-Оорудан айыгып чыккан  бардык адамдарга ден соолугун кайра калыбына келтирүү зарыл. Көпчүлүк адамдар, айыккандан кийин деле кичинекей физикалык кыймыл-аракеттен дем алуусу кыйындап, алсыз болуп, тез чарчап калаарын айтышат. Өзгөчө, реабилитация оорунун орточо оор же оор түрү менен ооругандарга керек. Андыктан, ден соолукту калыбына келтирүү процесси кажет. Ар бир адамда реабилитация процесси ар башкача болот.

Оорудан айыккан бейтаптар санитардык эрежелерди сактоосу зарыл: беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо.

Ал эми реабилитация үчүн төмөнкүлөр сунушталат: толук кандуу тамактануу зарыл, суюктукту көп ичүү (чай, морс, компоттор), сүт азыктары (айран, кефир), майлуу эмес эт азыктарынан  (этти куурубастан бышырып) шорпо же бульон жасоо жана балык сунушталат. Мөмө жана жер-жемиштен жасалган пюрелер, жашылчаларды колдонуу керек, акырындык менен рационго калориялуу тамактарды кошсо болот. 

Физикалык активдүүлүк: бир күндө 30 мүнөткө жакын таза абада жай сейилдөө керек. Абалыңызга жараша, сейилдөөнүн убактысын көбөйтүүгө болот. Эгерде спорт менен машыккан адам болсоңуз, ден соолугуңуздун абалына жараша кайрадан машыгууну баштасаңыз болот. 

Дем алуу гимнастикасын үйдөн, өз алдынча жасоо мүмкүн. Күн сайын 10-15 минут гимнастиканы эки-үч маал жасоого болот. Андан сыткары, 8 сааттан кем эмес уктоо зарыл. Толук кандуу уктап, эс алуу – иммунитетти көтөрөт.

Куурулган, туздалган тамактардан баш тартып, шекерди, ар кандай таттуу тамактарды жегенди токтотуп туруу керек. Ошондой эле, тамеки чегүүдөн жана спирт ичимдиктерининен алыс болгула. Реабилитация учурунда суукка урунбоо зарыл. Аба ырайына ылайык кийинип, суукта көпкө жүрбөө дагы башкы шарт. 

Муну менен эле катар, беткап тагынуу эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керек. Көпчүлүк убакта, калк арасында беткапты туура эмес тагынган, айрым учурда бир жума бою чечпей жүргөн жарандар бар. Бул тескерисинче өтө кооптуу. Беткап тагынуу өздүк гигиенаны жана социалдык аралыкты сактаган учурда гана эффективдүү болот.

Беткапты тагынуудан мурда, колду тазалап алуу керек, беткапты кылдаттык менен, оозду жана мурунду толук жапкандай кылып тагынуу зарыл. Ал нымдалып калган учурда, таза жана кургак жаңы беткапка алмаштыруу керек. Бир жолку колдонулуучу беткапты кайрадан колдонбоңуздар. Аны чечкенден кийин дароо баштыкка салып же бети жабылуучу таштандыга ыргытыңыздар.

Ушундай кырдаалда колду таза кармоонун дагы атайын талаптары бар. Аны вирустардан тазалоо үчүн 70% спирт камтылган антисептиктин 2-3 мл өлчөмү жетиштүү. Колду 20 секунддан кем эмес жууш керек. Адамдар менен жолукканда, ар кандай нерселерди кармагандан кийин колду антисептик менен тазалап туруу зарыл. Ошондуктан, дайыма жаныбызда антисептик болушу шарт.






(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)