Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты
ФотоWWW
Каттамдар боюнча үч өлкөнүн авиациялык мекемелери макулдашкан. Стамбул, Анталья жана Дубай шаарларына учуу жанданды. Бүгүн, 7-августтан тарта, Кыргызстанда Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) туруктуу авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул боюнча үч өлкөнүн авиациялык мекемелери макулдашканы айтылган.
Бүгүндөн тарта төмөнкү багыттар боюнча каттамдар жанданат:
"Avia Traffic Company" авиакомпаниясы:
Бишкек — Стамбул — Бишкек (жумасына эки жолу);
Бишкек — Анталья — Бишкек (жумасына бир жолу);
"Turkish Airlines" авиакомпаниясы:
Бишкек — Стамбул — Бишкек (жумасына эки жолу);
"Pegasus Airlines" авиакомпаниясы:
Бишкек — Стамбул — Бишкек (жумасына эки жолу);
"FlyDubai" авиакомпаниясы:
Дубай — Бишкек — Дубай (жумасына бир жолу).
Авиакаттамдардын учуу убактылары тууралуу кеңири маалыматты авиакомпаниялардын сайттарынан билүүгө болот.
последние
● Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты
● [Наши соседи] В Лос-Анджелесе семья младшей дочери Ислама Каримова выставила на продажу три виллы
● ГСБЭП: на территории СЭЗ Бишкек обнаружена крупная незаконно функционирующая
● [Наши соседи] В Туркменистане через SMS призывают жителей соблюдать безопасную дистанцию
Рекомендация
- 1Газета “Шелковый путь. Культурное развитие” скорбит вместе с кыргызским народом
- 2Полгода пандемии: что мы узнали и не узнали о коронавирусе
- 3Президент Сооронбай Жээнбеков посетит с рабочей поездкой Иссык-Кульскую область
- 4В зоне риска заболеть COVID
- 5В «Ата-Бейите» прошли поминальные мероприятия в память о кыргызстанцах, ставших жертвами коронавирусной инфекции