WeChat      Избранное

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Токмок шаарындагы стационарлардын иши менен таанышты

06/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Токмок шаарындагы стационарлардын иши менен таанышты

ФотоWWW

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев жана россиялык дарыгерлер Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан бир катар стационарларга барып, Чүй аймактык ооруканасынын жана Токмоктогу №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы жана медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Токмок шаардык №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 216 орундуу көп тармактуу оорукана үчүн оңдоо-куруу иштери жүрүүдө, ал муктаж болгон учурда коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн багытталат. Россиялык медициналык кызматкерлер объектти реконструкциялоодо тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларынын сакталышы боюнча өз сунуштамаларын беришти.

Аида Исмаилова Чүй аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлери менен жолугушуп, жамаатка жеке коргонуу каражаттарын, респиратор жана маскаларды тапшырды. Вице-премьер-министр өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен эмгек кылган медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ага жараша COVID-19 чалдыккан оорулуулардын жана андан курман болгондордун санын азайтууга мүмкүн болгондугун белгиледи.

«Учурда оору жугузуп алгандардын саны азайып жаткандыгын байкоого болот, ага карабастан, ар-бирибиз талап кылынган санитардык эрежелерди так сактоону улантуубуз керек. Андай болбосо, оорулуулардын саны кайрадан көбөйүп, мамлекеттин, дарыгерлердин жана волонтерлордун ооруга каршы күрөшүү боюнча күч-аракетин жокко чыгаруусу ыктымал. Биз коронавирус инфекциясынын жайылуу чынжырчасын үзүп, вирусту толугу менен жеңип чыгуубуз керек», - деди ал.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)