Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты
Фото WWW
Авиакаттамды жандандыруу үчүн бир катар негиздер бар. Россия жана Шериктеш мамлекеттерде коронавирус боюнча абал жакшырган. Сентябрь айынан тарта Россия жакынкы чет өлкөлөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу авиабайланыштарды жандантат. Бул тууралуу өлкөнүн Туристтик операторлор ассоциациясынын сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта авиакомпаниялар КМШ мамлекеттерине, анын ичинде Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Арменияга туруктуу каттамдарды учура баштайт.
Россияда коронавирус боюнча абал турукташкандыктан, аталган багыттарга аба каттамдары жанданарын адистер белгилешет.
Мындан сырткары, сентябрда өлкөдө COVID-19га каршы вакцинаны өндүрүүнү пландап жатат.
Эпидемиологиялык абал КМШ мамлекеттеринде да жакшырууда. Анын үстүнө алар россиялык вакцинаны алууга ниеттенип жатышат. Бул да Россия менен алардын ортосундагы гуманитардык жана иш байланышын калыптандырууга өбөлгө болот.
"Россияда бул боюнча өкмөттүн деңгээлинде 20-августтан кийин айтышат", — деп белгиленет материалда.
Эки өлкөнүн авиакомпаниялары КРга аба байланыштарды жандантууну сунуштаган. 7-августтан тарта Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен туруктуу аба каттамдарын жанданткан. Каттамдарды Turkish Airlines, Fly Dubai, Avia Traffic Company жана Pegasus Airlines авиакомпаниялары жүргүзүп жатышат.
15-июндан тарта тышкы каттамдар жанданат. Кайсы компаниялар учууга макулдук берди
Кыргызстандыктар Россия менен аба жолунун ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп кетүү зарыл. Чек ара жабылгандан бери он миңдеген адам сыртта калган. Алардын көпчүлүгү үйүнө кайтууну каалап жатат.
последние
● Государственная таможенная служба отреагировала на слова бывшего замминистра экономики
● Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты
● Миграция кызматы КР жараны менен уруша кеткен Цветков боюнча үн катты
● [Наши соседи] Цены и тарифы в Таджикистане с начала года выросли на 4,6%
● [Наши соседи] Трудовых мигрантов из Узбекистана в РФ планируется обучать профессиям и русскому
Рекомендация
- 1Жизнь продолжается. В питомнике «Манас» выращивают более 100 тысяч саженцев декоративных деревьев
- 2Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамдарды жандантты
- 3В Баткенской области начато строительство логистического центра и текстильной фабрики
- 4Жизнь не в кайф
- 5Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты