WeChat      Избранное

Аскар Алмаз уулу: “Кичинекей болуп туруп, ушунчалык чоң жүрөккө эгедер болгон бөбөктөрүбүз абдан бизди кубандырды”

06/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

 Аскар Алмаз уулу: “Кичинекей болуп туруп, ушунчалык чоң жүрөккө эгедер болгон бөбөктөрүбүз абдан бизди кубандырды”

Аскар Алмаз уулу: “Кичинекей болуп туруп, ушунчалык чоң жүрөккө эгедер болгон бөбөктөрүбүз абдан бизди кубандырды”

Аскар Алмаз уулу: “Кичинекей болуп туруп, ушунчалык чоң жүрөккө эгедер болгон бөбөктөрүбүз абдан бизди кубандырды”

ФотоWWW

“Кыргыздын жүзү, чыныгы мекенчил жаштар, улут сыймыгы”-бул сөздөр учурдун “башкы душманы” болгон коронавирус дартына каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылар тобундагы жаштарга толугу менен жарашат. Калк башына оор күн түшүп, өзгөчө камкордукка, жардамга муктаж болуп жаткан кезде эл арасынан суурулуп чыгып, өмүрүн тобокелге салып коюп, колунан келген жардамын берген жаштарыбыздын көп болгондугу албетте, кыргыздын уучу куру эместигинен кабар берет.Алардын коронавирус кырдаалы курч алып, ар бир секунд жашоо үчүн баалуу болуп турган кезде өз жардамын убагында берип, канчалаган өмүрлөрдү сактап калгандыгы бардыгыбызга маалым. Тилекке каршы, айрым учурларда бул аракеттеринен оң майнап чыкпай, кайгылуу бүткөн окуялар дагы кездешет. Биз ар күн сайын ыктыярчылардын бейтаптарга үйүндө, унаа ичинде, көчөдө жардам берип жаткандыктарын интернет тармактарынан көрүп эле жатабыз. Алар күнү-түнү тынбай иштеп, акысыз жардам көрсөтүп жаткандыгы жеке гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнөгө белгилүү болгондугун Нью-Йорк Таймс гезитинда биздин ыктыярчылар тууралуу жарыяланган макаладан эле билсек болот. Өлкөбүз кичинекей, элибиздин саны аз болсо дагы ушундай адамгерчилик, кайрымдуулук, мекенчилдик сыяктуу эң мыкты сапаттар менен дүйнөгө атыбыздын чыгып жаткандыгы албетте, кубанычтуу иш. Мына ушундай мекенчил жаштарды бир арага топтогон  бирикме бул-  “Жаштар демилге борбору” коомдук бирикмеси. Борбордун ыктыярчылар тобу  пандемия башталгандан бери канчалаган адамдын өмүрүн сактап, күнү-түнү тынымсыз эл үчүн кызмат кылып келе жатышат. Мына, ушул багытта биз аталган бирикменин төрагасы Алмаз уулу Аскар менен баарлаштык. Аскар бизге борбор тууралуу маалымат берип, бирикменин пандемия учурунда кылып жаткан иш-аракеттери жөнүндө айтып берди.

-   Алгач “Жаштар демилге борбору” коомдук бирикмеси тууралуу маалымат берип кетсең?

-  Биздин коомдук бирикме өткөн жылдын декабрь айында түзүлгөн. Эң негизги максатыбыз бул бийлик менен карапайым элдин ортосуна кандайды бир көпүрө салып, байланыш катнашын түзүү болуп саналат. Азыркы убакта, бул максатыбыз кандайдыр бир деңгээлде жүзөгө ашырылды деп ойлоп турабыз. Биз өзүбүздүн кылган иш-аракеттерибиз менен элибиздин жакшы жашоосу, жаштарыбыздын жаркын келечеги үчүн кам көрүп, алдыга кадам шилтеп келүүдөбүз Бул жерде бирөөнү сындап, же кандайдыр бир күмөндүү аракеттерди кылгандан алыспыз. Жөн гана өзүбүздүн алдыга койгон максатыбызды көздөй кадам шилтөөдөбүз. Эң эле жөнөкөй жумуштарды бүткөрүү менен аз да болсо, элибизге пайда келтире алсак бул дагы биз үчүн жакшы жетишкендик болмокчу. Мисалы, айлана-чөйрөнү тазалоо, бак-дарактарды отургузуу иштерин дагы жүргүзөбүз. Биздин борбордо чындыгында, күчтүү, татыктуу жаштар чогулган. Ар багыттагы мыкты идеялар менен бөлүшүп, кандайдыр бир бардыгыбызды ойго салган маселелерди дагы талкуулап, чечүү жолдорун изилдейбиз. Муну менен катар эле, кыргызстандык жаштарга дагы өз көмөгүбүздү көрсөтүп, ар кандай социалдык долбоорлор менен иштешүүгө дагы өбөлгө болуп берүүдөбүз. Сөздөн алыс болуп, ишке баш-отубуз менен киришүү бул бирикменин максаттарынын бири

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, учурда эл башынан абдан оор күндөрдү өткөрүп жатат. “Жаштар демилге борбору” коомдук бирикмеси дагы башкалардан кем калбай, карапайым калкка жардам көрсөтүүдө абдан жакшы иштерди алып барууда. Ушул боюнча айтып берсең

- Учурда, 16 шаарда өзүбүздүн өкүлчүлүктөрүбүз бар. Бишкекти эле ала турган болсок, бул жакта 180ге жакын ыктыярчыбыз иш алып барууда. Пандемия кырдаалын көргөндөн кийин эле, алгачкылардан болуп бул багытта өз иш-аракеттерибизди көрө баштаганбыз. Кычкылтек концентраты менен атайын мобилдик топторду уюштуруп, жардамга муктаж болуп жаткандарга үй-жайларына чейин барып, бейтаптын сатурациясын көтөрүп берип жатабыз.  Элдин колдоосу менен акысыз дары-дармектер менен камсыздап, табылбай жаткан дарыларды дагы издешип, табууга көмөкчү болуудабыз.Мындан тышкары, медицина кызматкерлерине жардам берип, стационарларда дагы болуп жатабыз. Азыркы учурда болсо, колунда жокторго тамак-аштарды дагы жеткирип баштадык

- Элге жардам берип жаткан учурларда эң эсте калган кайсы учур болду? Кубанычтуу жана кайгылуусуна токтолуп бере аласыңбы?

- Калкка жардам көрсөтүү учурунда жакшы дагы, жаман дагы учурлар көп болду. Бул кылган кызматыбыздын эң жагымдуу, кубанычтуу учуру бул-үй-бүлөсү менен коштошуп, бала-чакасына керээзин айта баштаган чоң ата-апаларыбызга кычкылтек концентратын кошкондон кийин оңолуп кетүүсү болду десем жаңылышпайм. Мындай учурларда, биз дагы аларга кошумча дем берип, “ата, кайдагы өлүмдү айтасыз, азыр биз менен дискотекага барасыз”,-деп тамашалашып сүйлөшүп жаттык. Бираздан кийин карыларыбыздын дем алуусу оңолуп, чындап эле дискотекага баргыдай абалда болуп калып жатышты. Ошондой кездерде, кадимкидей эс алып, ушунчалык деңгээлде кубанып жаттык. Мындай жагдай бизге ого бетер күч-кубат берип, күнү-түнү тынымсыз иштөөгө кошумча мотивация берип жатты.Ошондуктан, ыктыярчыларыбыз дагы тынбай иштеп, “Ар бир мүнөт баалуу - өмүр сактоо”деген башкы ураандын алдында кызмат кылышты. Дагы да кызмат кылып жатышат. Жаман нерселер дагы көп болду, адамдар көз алдыбызда өтуп кетип жатышты. Ал эми, эң эле эсте калганы кичинекей бөбөктөрүбүздүн дагы бул апаатта четте калбай, өздөрүнүн чогулткан акча-тыйындарын элге жардамга бергени болду. Кичинекей болуп туруп, ушунчалык чоң жүрөккө эгедер болгон бөбөктөрүбүз абдан бизди кубандырды.

- Коронавируска каршы күрөштө кайсы жерден чоң катачылык кетти, Кыргызстандын эли үчүн 1800гө чукул адамдын өлүмү коркунучтуу көрсөткүч эмеспи

-Эми, бул багытта айта турган катачылыктар тууралуу айта турган болсок, кемчиликтер, мүчүлүштүктөр абдан көп эле болду. Ушунча адамдын өмүрү менен ойноп, канчалаган үй-бүлөнү кайгы-муңга батырган оорунун жайылуусуна себепкер болгондор баары бир өз жазаларын алат деп ойлойбуз. Бул дагы болсо 30 жылдан бери кандай багытта иштеп, кандай ойлонуп келгенибиздин кесепети. Мына, жакында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болдук. Элдин көйгөйүн, үнүн жеткиргенге аракет кылдык. Азыркы убакта, чындыгында өзгөрүүлөр абдан көп. Президент өзү көзөмөлгө алып, жакшы иштер аткарылууда

-Пандемия бизге кандай сабак берди, бул оору адамдардын ой-жүгүртүүсүн, жан-дүйнөсүн өзгөртө алды деп ойлойсуңбу?

- Чындыгында, жалпы баарыбызга чоң сыноо түштү. Бул сыноонун алдында бардыгыбыз бирдей абалда калдык. Бийлик дагы, байлык дагы өлүмдөн сактап кала албастыгын көрсөтүп койду окшойт. Эң башкы байлык ден соолук экендиги тастыкталды. Биз дагы деле эл үчүн өз кызматыбызды кыла бермекчибиз. Ар бирибиз элибиздин, мекенибиздин жаркын келечеги үчүн аз да болсо салымыбызды кошууга аракет кылсак, бардыгы жайында болмокчу. Жумуштун, аткарган кызматтын чоң-кичинеси жок. Эң башкысы жумуш чын дилден аткарылып, так жана таза болуусу шарт. Сөз соңунда, жалпы элиме чың ден соолук каалайм. Бул апааттан тез арада чыгып кетели.


 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)