WeChat      Избранное

“Санарип мугалим” – окутуучулар аралыктан окутуу ыкмаларын вебинар аркылуу үйрөнүп жатышат

06/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:


“Санарип мугалим” – окутуучулар аралыктан окутуу ыкмаларын вебинар аркылуу үйрөнүп жатышат

ФотоWWW

Өлкөдө түзүлгөн эпидемиялык кырдаал учурунда окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо жана 2020-2021-окуу жылында балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү программасын аткарууга даярдык көрүү максатында, 5-августтан 25-августка чейин өлкөнүн билим берүү уюмдарында “Санарип мугалим” деген аталышта бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, бир айлыктын алкагында Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту 5-августтан баштап,  графикке ылайык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, облустук усулдук борборлорунун кызматкерлери, райондук усулдук кабинеттердин, мектептик усулдук уюмдардын жетекчилери, педагогдор үчүн окутууну дистанттык түрдө жүргүзүү ыкмалары, онлайн сабактарды даярдоо, видео сабактарды, видео окуу материалдарын, мультимедиялык технологияларды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу, ата-энелер менен иш алып баруу боюнча  вебинарларды өткөрѳт.

Педагогдорго дистанттык формада билим берүү процессин уюштуруу максатында телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн видеосабактарды колдонуу менен WhatsApp, ZOOM, Google Classroom, Скайп, Google Hangouts, Google Meet, MOODLE жана башка платформалардын жардамы аркылуу натыйжалуу кайтарым байланышты камсыздоо, үй тапшырмалардын көлөмдөрү жана аларды баалоонун ыкмалары, ата-энелер менен иштѳѳ  боюнча окуу семинарлары  өткөрүлѳт.

Мындан сырткары жаңы окуу жылында  билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн “Дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүү уюмдарын башкаруу” боюнча 72 сааттык модуль иштелип чыгып, окуу семинарлары өткөрүлѳт. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдору үчүн дистанттык окутуунун апробацияланган системасы ишке ашырылат.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)