WeChat      Избранное

Сабак башталды: 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт – 2-11-класстар аралыктан билим алышат

27/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Сабак башталды: 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт – 2-11-класстар аралыктан билим алышат

ФотоWWW

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жана балдардын, педагогдордун, ата-энелердин ден соолугуна кооптуу кырдаал жаратпоо максатында эпидемиологиялык абал турукташканга чейин, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2-11-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ ѳтѳт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 1-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрү калыптандырылбагандыгын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт.

Ошондуктан, учурдагы кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты. 

Нускамада окуу процесси салттуу (1-класс) жана дистанттык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн. Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанттык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.

1-класстарда окуу процессин салттуу түрдѳ ѳткѳрүүдѳ райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн/башкармалыктарынын, мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери:

1. 2020-жылдын 1-сентябрында менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн төмөнкү иш чараларды өткөрүү: Билим күнүн салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык өткөрүү (массалык иш-чараларды өткөргөнгө тыюу салынат), “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүү, экскурсия жүргүзүү.

2. Телеканалдардан көрсөтүүлүчү видеосабактардын темаларын эске алуу менен:  жылдык календардык - тематикалык планды иштеп чыгуу, мектептин ички тартибин иштеп чыгуу, сабактардын ийкемдүү жадыбалын жана аралыкты сактоо үчүн ар бир класстын танаписинин жадыбалын иштеп чыгуу.

3. Мектеп администрациянын чечими менен зарыл болгон учурда 1-класстын мугалимдерине жардам берүү үчүн жогорку класстардын дене тарбия, музыка, сүрѳт мугалимдерин, лаборанттарды, китепканачыларды бекитүү.

4. Балдарды 1-класска кабыл алууну тездетүү жана тизмесин тактоо.

5. Ата-энелер менен келишим түзүү (мектептин жана ата-энелердин милдеттери так жазылышы керек), алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

6. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн шарттарды түзүү: мектепте дезинфекция иштерин жүргүзүү, ички ажатканаларды иштетүү, кол жуугуч, тепловизор, мектептин кире беришине хлордонгон килемче менен камсыздоо, гигиеналык жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоо.

7. Ар бир классты өзүнчө окуу бөлмө менен камсыздоо.

8. Окуучулардын топтолуш мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн кошумча кирүү жана чыгуу эшиктерин колдонууну камсыздоо.

9. Күнүгө сабактар бүткөндөн кийин мектепти, окуучулардын ордун дезинфекциялоо.

10. Санитардык талаптарды аткаруу менен ысык тамак уюштуруу: ашканаларды, идиш аяктарды дезинфекциялоого, аралыкты сактоого шарттарды түзүү.

11. Ата-энелерден балдарына бирдиктүү мектеп формасын алып берүүнү талап кылбоо.

12. Күнүгө бардык окуучулардын, мектеп кызматкерлеринин дене табын текшерип туруу, атайын журналга каттоо.

13. Мектепке мугалимдер жамаатынан жана окуучулардан тышкары башка адамдарды киргизүүнү чектөө.

14. Мектепке кирип-чыккан адамдарды каттоого алуу.

15. Психологиялык кызматты жана “ыкчам байланышты” уюштуруу.

16. Мектеп администрациясы жана мугалимдер  ар дайым санитардык - эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн, жергиликтүү бийлик органдары жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу.

17. Мектептеги кырдаал боюнча министрликке жана тиешелүү органдарга маалыматтарды ѳз учурунда берип туруу.

Окуу процессин уюштуруу боюнча:

Эпидемиологиялык абал курч аймактарда жана окуучулардын саны кѳп мектептерде:

1. 1 - класстарда окуучулардын санына жараша окуучуларды кичигруппаларга бѳлүп, (ар бир кичигруппада окуучулардын саны 20дан ашпашы керек), ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окутуу, мисалы: 1 - топ - дүйшѳмбү, шаршемби күндѳрү; 2 - топ - шейшемби, бейшемби күндѳрү.

2. Сабак учурунда аралыкты сактоо.  

3. Жума күндѳрү мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышка чыгуу жана сабакка даярдануу. 

4. Айрым сабактарды таза абада ѳткѳрүү сунушталат.

Эпидемиологиялык абал туруктуу аймактарда жана окуучулардын саны аз мектептерде:

1. Класстарда окуучулардын саны 20га чейин болсо, кичи группаларга бѳлүнбѳйт. 

2. Ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окутуу чечими ар бир мектептин мүмкүчүлүгүнѳ жараша кабыл алынат.

Уюштуруу иштери: 

1. Окуучу мектепке келгенде дене табынын көрсөткүчүн ѳлчѳѳ, атайын журналга жазуу.

2. Окуучуларды аралыкты сактоо менен окуу кабинетине коштоо, (1,5-2 метр) шахмат түрдѳ отургузуу. 

3. Окуучуларга танапис учурунда сакталуучу эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

4. Аралыкты сактоо.

5. Танапис учурунда кабинеттерди желдетүү.

Окутуу салттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдеттери:

1. Мектеп менен келишим түзүү. 

2. Баланын ден соолугу боюнча мугалимге күнүгө маалымат берип туруу.

3. Баланы санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздоо.

4. Окуучулардын ѳздүк гигиенасын сактоону камсыздоо.

5. Баланы мектепке убагында алып келүүнү жана алып кетүүнү камсыздоо.

2-11-класстарда окуу процессин дистанттык түрдѳ ѳткѳрүүдѳ райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн/башкармалыктарынын башчыларынын, мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери:

1. 2020-жылдын 1-сентябрында Билим күнүн дистанттык   түрдѳ өткөрүү.

2. Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу.

3. Окуучулардын окуу программаларын дистанттык билим берүү технологиялары (маалыматтык жана телекоммуникациялык) аркылуу өздөштүрүүсүн камсыздоо.

4. Дистанттык түрдѳ билим алуу үчүн окуучулардын мүмкүнчүлүгүн текшерүү жана шарт түзүү үчүн (ѳзгѳчѳ аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн балдарын) мониторинг жүргүзүү.

5. Дистанттык түрдѳ билим алуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн балдарын телевизор же уюлдук телефон менен камсыздоо боюнча жергиликтүү органдары жана демѳѳрчүлѳр менен иш алып баруу.

6. Болгон билим берүү платформаларын пайдалануу аркылуу жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууну жана кайтарым байланышты камсыздоо.

7. Окуучулардын окуу программаларын дистанттык билим берүү технологиялары (маалыматтык жана телекоммуникациялык) аркылуу өздөштүрүүсүн камсыздоо боюнча мугалимдер үчүн вебинарларды өткөрүү.

8. «Баластан» коомдук телерадио компаниясы, «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жана башка каналдары аркылуу кѳрсѳтүүлүчү видеосабактарды жана мектеп окуучуларына арналган телекѳрсѳтүүлѳрдү кѳрүүнү камсыздоо.

9. Үй шартында дистанттык түрдө билим алуу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

10. Психологиялык кызматтарды жана “ыкчам байланышты” уюштуруу.

Окутуу дистанттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдеттери:

1. Балага дистанттык түрдѳ билим алуусуна шарттарды түзүү.

2. Балага билим алуусуна, окуу программаны өздөштүрүүсүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү.

3.Телеканалдардан кѳрсѳтүлүүчү видеосабактарды жана окутуучу телекѳрсѳтүүлѳрдү кѳрүү үчүн балдарга шарт түзүү.

4. Мугалим менен белгилеген мөөнөттө жана убакытта кайтарым байланышка чыгуусун камсыздоо.

Аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелер балдарга кандай шарт түзүп берүүсү абзел? (ПОДЗАГОЛОВОК)

Балдар мектепте окуганда бардыгы түшүнүктүү эле: балага керектүү окуу каражаттарын, мектеп формасын алып берип, өз убагында сабагына барып келчү. Үйдө ата-энелер үй тапшырмасын аткарганын гана көзөмөлдөп келген. Бүгүнкү кырдаалда пандемияга байланыштуу аралыктан окутуу процесси бардыгыбызга жаңы нерсе болду. Дистанттык окутууда ата-энелердин ролу чоң. Ошондуктан, Аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсѳтүү боюнча атайын  нускама дагы даярдалды.

Биринчи кадам. Жагымдуу чөйрө жаратуу

Аралыктан окутуу процесси башталганда үй-бүлөдө жагымдуу психологиялык чөйрө жаратуу балдардын кызыгуусун, билим алууга болгон шыгын ойготот. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн (чоң ата-чоң эне, бир туугандар) бардыгы үй-бүлөдө окуу процессине активдүү катышуусу максатка ылайыктуу. 

Экинчи кадам. Шарт түзүү

Балдардын мыкты окуусу үчүн сабак даярдоочу атайын бөлмө же орун даярдап, аны стол, стул, жетиштүү жарык (стол лампасы) жана керектелүүчү окуу куралдары менен камсыздоо зарыл. Айрыкча сабак даярдоочу бөлмө санитардык-гигиеналык талапка жооп берип, таза аба болушу шарт.

Үчүнчү кадам. Керектүү каражаттар менен камсыздоо

Аралыктан окууга керектүү зарыл техникалык каражаттар: телефон же планшет, ноутбук же компьютер менен камсыздоо керек. Эң башкысы техникалык каражаттардын сапаттуулугуна,  балдар үчүн коопсуз экендигине ата-эне маани берүүсү шарт. Бир үй-бүлөдө 3-4 окуучу окугандыктан, онлайн сабактар бир мезгилге туура келип калса, мүмкүн болушунча ар бирине  өзүнчө зарыл болгон техникалык каражаттарды алып берүүгө аракеттенүү керек.

Төртүнчү кадам. Күн тартибин туура пландаштыруу

Үй-бүлөдө аралыктан окуу процесси башталган учурда балдардын “Күн тартибин” жана сабактардын жадыбалын мугалимдер, класс жетекчиси менен макулдашып, түзүп, көрүнүктүү жерге илип жана аларды ошого таянууга үйрөтүү зарыл. Күн тартибинде балдардын сабак даярдоосу, китеп окуусу, эс алуусу, зарылдыкка жараша күндүз жарым саат же бир саат уктоосу, таза абада жүрүүсү, эмгек тарбиясын алуусу  эске алынышы зарыл.

Бешинчи кадам. Сабактардын жадыбалы

Телеканалдардан бериле турган сабактардын бир жумалык, мектеп мугалимдери тарабынан өтүлүүчү онлайн сабактардын, кайтарым байланыштардын ийкемдүү жадыбалын түзүп, баланын сабак даярдаган бөлмөсүнө илип, ата-эне тарабынан көзөмөл жүргүзүлүшү шарт. Телесабактарды өз убагында көрө албай калган учурда атайын билим берүү порталына, ютуб каналдарына жүктөлгөн сабактар ата-энелердин жардамы менен балдарга камсыздалышы керек.

Алтынчы кадам. Балдар үчүн тыныгуу

Сабактардын аралыгында 15 мүнөттүк тыныгууну уюштуруп, таза абага чыгарып, бир туугандары менен ойноого, гимнастика жасоого, эс алууга шарт түзүү максатка ылайыктуу. Айрыкча балдар үчүн гимнастика кан айлануусун жакшыртып, мээнин кабыл алуусу үчүн абдан маанилүү. Окуучулар үчүн шириндиктер, мөмө-жемиштердин ширелери же суу столдун үстүндө турушу өтө маанилүү.

Жетинчи кадам. Балдар эмнени билиш керек?

Билим берүү программалары, платформалар,  пландар, андан тышкары ар бир предметтен балдар эмнелерди маалымат катары алыш керек, балдарда кайсы кѳндүмдѳр калыптанышы керектиги тууралуу маалыматтарды  ата-энелер билип алышы шарт. Анткени ата-энелер балдарды ал көндүмдөргө багыттап, өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт.

 Сегизинчи кадам. Балдарды шыктандыруу

Балдарды жакшы окууга ата-эне ар дайым шыктандырып туруусу зарыл. Мисалы: үй тапшырмаларын жакшы аткарса, жакшы баа алса,  ошону белгилеп, сүйүндүрүп, бааларын кагазга жазып илип коюп, үй-бүлө мүчөлөрүнө айтып, шыктандыруу. Ата-эне баласы менен бирге кубанып, эпидемия убактылуу экендигин эскертип,  буйруса бул кырдаал таркап кетсе, кадимки жандуу окуу процесси башталарын айтып, эскертип, баланын үмүтүн  сактап калышы керек.

Тогузунчу кадам. Телесабак, үй тапшырма, кайтарым байланыш...

Балдардын телесабактардан тышкары өз алдынча үй тапшырмасын аткаруусуна көз салуу, тапшырмалардын көлөмүн, берилишин жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө. Айрыкча кайтарым байланышка маани берүү, балдардын китеп окуусун уюштуруу маанилүү.

Урматтуу ата-энелер, балдар телевизор, интернет, телефондон чарчайт, тажайт, ошондуктан сөзсүз алардын столунда тиешелүү предмет боюнча окуу китеби болуп, балдар түштөн кийин, кечинде  үй тапшырмасын аткарганда, окуу китеби менен даярдануусуна да шарт түзүү зарыл.

Онунчу кадам. Балдарды үйдө жалгыз калтырбоо

Балдарды моралдык жактан колдоп, эч качан өзү жалгыз калуусуна жол бербөө керек. Мүмкүн болсо балдарды өзүн жалгыз үйдө калтырып кетпегенге аракеттенүү зарыл. Аларды классташтары менен, бир туугандары менен, кошуна балдары менен телефон аркылуу, же мүмкүнчүлүк болушунча коопсуздук эрежелерди сактап, байланышына шарт түзүп берүү керек. Ата-эне жана окуучу класс жетекчи менен байланышып туруусу да жакшы натыйжа берет. Окуучунун өзүнүн классташтары менен  байланышып, тапшырмаларды тактап, ой бөлүшүп турушу да өзгөчө мааниге ээ.

Он биринчи кадам. Бала мектепке окуса эмне кылуу керек?

Мектепте  айрым класстар реалдуу режимде окууга келе турган болсо, ата-энелер балдарына керектелүүчү шарттарды түзүп берүүсү шарт. Керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу керек. Ар күнү ата-энелер балдарын мектепке алып келгенде, класс жетекчисине ден соолугу жөнүндө айтып: баланын дене табын өлчөп, жакшы болсо, тапшырып кетүүсү керек. Эгерде баланын дене табы жогору болсо, ал күнү мектепке алып келбөө шарт. 






(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)