WeChat      Избранное

Пандемия – билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр

06/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Пандемия – билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр

Пандемия – билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр

ФотоWWW

Учурда, коронавирус жугуштуу илдети бүтүндөй дүйнөнүн жашоосун токтотуп койду. 2020-жыл менен бирге кирген бул дарт жашоонун нугун бузуп, канчалаган өмүрдү алып кетти. Аны менен каршы күрөшүүнүн бирден-бир эффективдүү ыкмасы бул - аралыктан иштеп, окуп, ар бир үй-бүлөнүн коомдон өзүнчө бөлүнүп, өз алдынча болуусу болду. Ошондуктан быйыл өлкөнүн бардык тармактары өзгөчө кырдаалда иштөөгө аргасыз болууда.

Билим берүү министрлиги дагы окуучуларды мектепке чогултпай, 4-чейректи аралыктан өткөрүү чечимин кабыл алгандыгы маалым. Мында окуу программаларын ийгиликтүү ѳздѳштүрүшү үчүн  окуучуларыбыз электрондук окуу ресурстары менен камсыздалып, телесабактар  тартылып,  негизги окуу материалдар кѳрсѳтүлдү, мугалимдер аркылуу кайтарым байланыш  жүргүзүлдү.

Муну менен эле катар, “Акыркы коңгуроо” салтанаты дагы онлайн форматта өтүп, балдардын коопсуздугу жана ден соолугу үчүн кам көрүлүп, ооруну эл арасында жайылтпоо башкы максат болуп турду. Бирок, тилекке каршы ковид-19 илдети эл карантин мезгилинен чыккандан кийин дагы укмуштуудай күчөп, күн санап ооругандар көбөйүп, канчалаган өмүрдү алып кетти.

Учурда, дагы бул “согуш майданында” салгылашуу оор өтүп, ар бир өмүр үчүн тынымсыз күрөш жүрүүдө. Мына, ушул себептерден улам быйыл жаңы окуу жылынын биринчи чейреги дагы дистанттык форматта өтөөрү маалым болду.

29- июль күнү “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча “жол картасынын” аткарылышын координациялоочу Республикалык штабдын кезектеги жыйынында дагы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков башка маселелер менен катар аралыктан окутуу иштерине токтолуп өттү.

Ал белгилегендей, пандемия жана убактылуу аралыктан окутуу режиминин шартында, өзгөчө көңүлдү контенттик бөлүккө жана аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоого буруу керек, анткени, интернеттин төмөнкү ылдамдыгына байланыштуу окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калууда. 

Алмазбек Баатырбеков: “Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат деп ишенем”, - деп билдирди.

Жаңы окуу жылынын 1-чейреги аралыктан өтүлмөкчү 

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген Антикризистик Планга ылайык жүргүзүүдө.

Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн  даярдыктар көрүлүп жатат.

Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет.

Учурда практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Кеңештин мүчөлөрү беш топко бөлүнүп, ар бири тиешелүү багыттар боюнча иш алып барууда. Биринчи топ аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускаманы иштеп чыгуунун үстүнөн иштесе, экинчи топ башталгыч класстарды окутуунун алгоритмин түзүүдө. Ал эми үчүнчү топ мектеп мугалимдерине дистанциондук окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору жөнүндө, төртүнчү топ дистанттык окутуу, электрондук каражаттарды жана интернет ресурстарын туура колдонуу жөнүндө мектеп окуучулары үчүн жана бешинчи топ виртуалдык же болбосо онлайн мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган колдонмолорду иштеп чыгуу үстөндө жумуштарды жасап жОшондой эле тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда теле сабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы  карап чыгып, аларды тартууга киришти. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны  тартууда эң ириде анын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүлүк мамилеге негизги басым жасалууда. Бул максатта, конкреттүү методикалык жана техникалык талаптарды камтыган атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты.

Буга кошумча мугалимдер жана методисттер үчүн окутуулардын циклы уюштурулуп, ийгиликтүү тажрыйба республиканын мугалимдерине да жайылтылат.

Окуучуларды онлайн-тестирлөөгө мүмкүндүк берген платформаны жакшыртуу иштери улантылууда. Окуу китептерин электрондоштуруп, аларды kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштыруу да учурда жасалып жатат. Дистанттык билим берүүнүн өркүндөтүлгөн технологиялары кеңири колдонууга алынмакчы.

ЖОЖдорго онлайн кабыл уланууда 

Быйыл учурдагы шартта байланыштуу жогорку окуу жайларына тапшыруу дагы онлайн форматында өттү. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан    https://2020.edu.gov.kg/  системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшырышууда.

Абитуриенттерди онлайн кабыл алуу биринчи кезекте пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздайт жана алардын ЖОЖдорго массалык топтолуусуна жол бербейт. Мындан сырткары: абитуриенттин үйүндө отуруп эле санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруусуна жол ачат; бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт жаратат; кабыл алуунун ачык-айкындуулугун, тазалыгын, тактыгын камсыз кылат жана сапатын жогорулатат; ЖРТ сертификатынын талондорун эсептөө, ЖОЖго өтө турган абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү жана бөлүштүрүүнү толугу менен автоматташтыруу; окуу жайлардагы кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялайт, алардын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин азайтат; адам факторун жоюу аркылуу кабыл алуунун объективдүүлүгүн камсыз кылынат.

Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган: 1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин; 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин; 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

Пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүп жаткандыгы маалым. Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу "Абитуриент Online" (https://2020.edu.gov.kg/)  автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан.

Онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында гана берүү керек.

ЖОЖдор кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери) боюнча гана кирүү экзамендерди салттуу режимде өткөрүшөт.

Россия жана Түркиянын мамлекеттеринин эсебинен бөлүнгөн гранттык орундарга Кыргыз-Түрк "Манас" жана Кыргыз-Россия Славян университети абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу жараянын аталган окуу жайлар аныктайт. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабай, кошумча сынактарды өткөнгөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө (аралыкты сактоо, дене табын ченөө, имарат, окуу аудиторияларды дезинфекциялоо, абитуриенттердин массалык чогулуусуна жол бербөө, беткаптарды кийүү, санитайзерлерди колдонуу ж.б.) камсыздоого милдеттүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин талаптарын так аткарууга тийиш. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 64 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алууда. 

3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыктоого тийиш (подзаголовок)

Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктады. Онлайн кабыл алуунун биринчи туру 13-июлдан 30-июлга чейин өткөрүлдү. 3-августтан тартып колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат.

3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыктоого тийиш. Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыктоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.

Документтердин түп нускаларын студенттер ОКОЖдорго окуу жылдын башында бериши керек.

ЖОЖдор кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери) боюнча гана кирүү экзамендерди салттуу режимде өткөрүшөт.

Быйылкы жылы кабыл алууну 145 колледж 129 адистик боюнча ишке ашырууда. Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ 16 адистикке республиканын областтарындагы ОКОЖдордун базасында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борборлорунда окутат.

Колледждерге кабыл алуу башталгандан бери 18 986 абитуриент документтерди онлайн түрдө тапшырышкан. Документтерди каттоо эки тур менен электрондук түрдө ишке ашырылат.

Биринчи тур.13-июлдан 30-июль, саат 18:00гө чейин – документтерди онлайн каттоо. 3-августта колледждер система тарабынан кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 3-6-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.

Аталган окуу жайда тандалган адистик боюнча окууну каалоосун 6-августка чейин тастыктабаган абитуриенттер колледжге кабыл алынбайт.

Экинчи тур. 1-августтан 20-августка чейин – документтерди онлайн каттоо. 22-августта – колледждер кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин илишет. 20-30-августта – абитуриенттер ОКОЖго кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.


 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)