WeChat      Избранное

Коронавирус илдети эмгек мигранттарынын жашоосун кандай нукка бурду?

03/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:


 

Коронавирус илдети эмгек мигранттарынын жашоосун кандай нукка бурду?

ФотоWWW

Дүйнөнүн “жашоосун” күтүүсүз жерден токтотуп койгон коронавирус илдети канчалаган мамлекетти экономикалык кризиске дуушар кылды. Элдин саламаттыгы менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо көйгөйү бардык жерде биринчи орунга чыкты. Муну менен эле катар, чет жерлерде иштеп, үй-бүлөсүн багып жаткан мигранттардын жумушсуз калган учурлары дагы азыркы таптагы эң көйгөйлүү проблемалардын бири болууда.

Ошондуктан, биздин редакциянын журналисти КРдин Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик миграция кызматынын бул багытта алып барып жаткан ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында аталган кызматтын Саясат бөлүмүнүн башчысы Канат Сагынбаев менен маек курду. Мындан сырткары, сыртта иштеп жүргөн эмгек мигранттарыбыздын ал-абалы менен дагы таанышып, ой-пикирлерин укту.

Канат Сагынбаев, Мамлекеттик миграция кызматынын саясат бөлүмүнүн башчысы: “Чет жерлерде болжол менен 700 миңден ашуун кыргыз жараны бар” 

-Учурда, чет жерлерде болжол менен 700 миңден ашуун кыргыз жараны бар. Алар ар кандай себептер менен башка мамлекеттерде убактылуу жана туруктуу жашап келишет. Иштеп, билим алып, же дагы бир башка себептер менен сыртка чыккандар.

Ал эми, дүйнөдө коронавирус илдети жайылгандан тарта, тактап айтканда чек аралар жабылгандан баштап Кыргызстанга 11 миңге жакын жараныбыз алынып келинди. Азыркы тапта дагы да болсо, мекендештерибизди сырттан кайтарып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, учурда чет өлкөлөрдөн алынып келинген жарандарыбыздын бардыгын эмгек мигранттары деп айткандан алысмын. Анткени, өзүңүздөр билгендей КРдин Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан атайын критерийлердин негизинде мекендештерибиз өз өлкөсүнө кайтарылууда. Бул талаптарга ылайык биринчи кезекте ошол мамлекетке операцияга же болбосо ден соолугуна байланыштуу баргандар, кары-картаңдар, кош бойлуу болгондор жана жаш балдары менен кеткен айымдар алынып келинүүдө.

Бирок, биздин жүргүзгөн анализ боюнча ушул коронавирустун кесепетинен 100 миңге жакын эмгек мигранттары Кыргызстанга кайтып келет деген божомолубуз бар. Эми, учурдагы кырдаалда эч нерсени так айта албайбыз. Себеби, ковид-19дун таасири дүйнө жүзүндө бүгүнкү күнү дагы күчтүү болууда. Чындыгында, бул багытта ишти ар тараптуу алып баруубуз абзел. Терең анализ жүргүзүү үчүн буга тиешелүү мамлекеттик ведомстволор, министрликтер менен биргеликте иштешүү керек. Ал гана эмес, эл аралык уюмдар менен дагы иштешип, бардыгыбыз бирге атайын жумушчу топ түзүүбүз зарыл. Ал топ дал ушул коронавирустун эмгек мигранттарынын жашоосуна, ал-абалына тийгизген таасирин изилдеп, алардын канчасы Кыргызстанга кайтып келээрин дагы тактап, алар келгенден кийин жардам көрсөтүү багытын дагы карап, атайын иш-чара пландарын түзмөкчү. Учурда, бул багытта иш алып баруудабыз.

Сырттан келип жаткан жарандарыбыз арасында дагы коронавирус менен тастыкталып жаткан жарандарыбыз кездешүүдө. Эң көбү эле Россиядан Соль Илецктен кайтып келгендер арасында табылган. Албетте, мындай көрүнүш дагы бардыгыбызды ойлондурбай койбойт. Ошондуктан, жалпы беткап тагынып, өздүк гигенаны сактап, санитардык эрежелерге баш ийүүбүз керек. Кыргызстандын ичинде дагы күн санап ооругандардын саны өсүп жатканды абдан тынчсыздандырат.

Ал эми, чет жерлерде иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөн эмгек мигранттары жумушсуз калган учурлары көп эле кездешүүдө. Өзүңүздөр билгендей Кыргызстанда дагы жумушсуздук көйгөйү курч маселелердин бири. Биздин өкүлчүлүктөр, элчиликтер тарабынан бул багытта дагы жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Биздин эмгек мигранттарбыздын негизги бөлүгү Россия Федерациясында иштешет эмеспи. Мисалы, Россиянын берген маалыматына таянсак былтыр, 2019-жылы Кыргызстандан 487 миң жаран миграциондук кагазында Россияга ишке орношуу үчүн келгендиктерин билдиришкен. Ошондуктан, күчүбүздүн басымдуу бөлүгүн дагы ушул жакка жумшап жатабыз. Жеринде биздин өкүлчүлүккө жумушсуз калып, кайрылып жаткан жарандарыбыз бар. Жумушка орноштуруу жагына дагы көңүл бурулуп, иштер жүргүзүлүп жатат. Мекендештерибизге жеринен колдоо көрсөтүлүп, жумуш таап берип жаткан учурларбыз бар. Ошол эле учурда, элчилик дагы бул багытта көмөк көрсөтүүдө. Тактап айтканда, ар тараптуу колдоого алынып, жарандарыбызга кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүгө аракеттерди көрүп жатабыз. Тактап айтканда, чет жерде иштеп калууну көздөп, бирок жумушу жок калган эмгек мигранттарына вакансиялар  сунушталып жатат.

Учурда, коронавирус илдети көптөгөн мамлекеттерди экономикалык кризиске дуушар кылууда. Кыргызстан дагы алардын катарында. Ошондуктан, бул кырдаалда бардыгыбыз бир-бирибизге колдоо көрсөтүп, ар тараптуу иш алып баруубуз зарыл. Муну менен катар эле, ковид-19ду жайылтпай, анын алдын-алып, КРдин Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген эрежелерге баш ийип, ар бирибиз өзүбүздүн жана жакындарыбыздын коопсуздугу үчүн кам көрүү учурдун башкы талабы болуп саналат.

Бектемир Нышанов, эмгек мигранты: “Кыргызстанга кайтып барганда деле жумуш жок, кандай жан сактайбыз деп ойлонуп турган чагыбыз” 

-Мен өзүм Россияда 10 жылдан ашуун үй-бүлөм менен бирге турам. Бир уул, бир кызым бар. Москвада жергиликтүү театрлардын биринде жубайым экөөбүз иштейбиз. Бирок, коронавирус апааты дүйнөгө жайылып, Россияга келгенден бери жумушу жок үйдө отуруп калдык. Карантин учурунда бираз топтогон акча-тыйыныбызды короттук.

Кыргызстанга кетели десек аба каттамдары жабылган. Ал эми, чартердик каттамдарга жүргүнчүлөрдү атайын критерийлер менен кабыл алып жатышты. Чындыгында, оор кырдаалда калдык десек болот. Себеби, Кыргызстанга кайтып барганда деле, ал жакта жумуш жок, кандай жан сактайбыз деп ойлонуп турган чагыбыз. Анын үстүнө, театр жакында өз ишин жандандырат деп күтүп жатып убакытты дагы уттуруп жибердик.

Коронавирус дагы да болсо эл арасына жайылууда. Аны токтотуу оор болуп калды окшойт. Ошондуктан, чек аралар ачылып, аба каттамдары жанданса эле Кыргызстанга кайтууну пландаштырып жатабыз. Эл арасында болуп, абал тынчыса мүмкүн кайра Россияга кайтып келээрбиз. Учурда, Кыргызстанда бул жугуштуу илдет дагы укмуштуудай көбөйүп жаткандыгын угуп, көрүп жатабыз. Жакындарыбыз үчүн дагы сарсанаа болуп жатабыз. Эң башкысы ушул дартты тез арада жеңип, оорудан арылсак деген эле тилек.

Фатима Ногойбаева, эмгек мигранты: “Жашаган үйүбүздүн акысын бергенге дагы шартыбыз жок” 

-Биз Россияда коронавирус кырдаалы жаңы гана башталганда эле Кыргызстанга кайтып келгенбиз. Жолдошум, кайним болуп чет жерде 4 жылдан ашуун иштедик. Бул жакка келип тигүү цехин ачалы деген планыбыз бар болчу. Насыяга дагы акча алып алдык эле. Бирок, марттын аягы менен Кыргызстанга келген коронавирус бардык ой-тилектерибизди бузду.

Бишкекте үй жок, тигүүчү машиналарды сатып алып, цехти иштеткенге ижарага жер алганбыз. Жаңы гана ишти баштаганы жатканда, коронавирус башталды. Ошентип, бул жакта дагы бардык жумуштар токтоп, үйдө отуруп калдык. Насыянын акчасын убактылуу токтоткону менен анын бардык пайыздык көлөмдөрүн төлөп берүү керек. Ижарага алынган жердин дагы акысын төлөп берип жатабыз. Учурда, эч кандай киреше кирбей эле чыгашанын эле үстүндөбүз. Топтоп келген акчабыз деле эч нерсеге жеткен жок. Билбейм, эми качан жумуштар толук кандуу башталат. Азыр жаңыдан гана иштей баштадык. Цехке буйрутмалар дагы аз. Азыр, Бишкекте дагы бул жугуштуу илдет абдан көбөйүп жаткандыгына байланыштуу бардык жерди кайрадан карантинге жабат деген божомолдор болуп жатат. Эгерде, кайрадан карантин болсо, кандай жашайбыз билбейм. Ижарага төлөгөнгө дагы акчабыз калбай калды.

Балдарыбыз ата-энебиздин колунда, айылда. Аларды дагы багып, жардам кылып турчу элек. Азыр кыйын кырдаалда калдык. Дагы ушундай абал курчуй берсе, анда айылга барып эле турабыз го. Анткени, жашаган үйүбүздүн акысын бергенге дагы шартыбыз жок. Россияга деле жетпеген турмуштун айынан бардык да. Эми, бираз абалыбызды оңдоп алалы десек, бул жердеги кырдаал ушундай.

Айсулуу Карабаева, эмгек мигранты: “Аба каттамдары ачылса эле Дубайга кетем” 

-Мен Дубайда 3 жылга жакын иштеп келдим. Ал жакта сулуулук салонунда иштечүмүн. Кыргызстанга февраль айында ата-энеме учурашканы келген боюнча, аба каттамдары жабылып калгандыгына байланыштуу кайра кете албай отурам. Ал жакта кыздар болуп бир үйдү ижарага алганбыз. Ошол жакта жашап, иштейбиз. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ал үйдүн ижара акысы толук бере алган жокпуз. Бирок, үй ээси иш токтоп тургандыгын түшүнүп, жакшы эле колдоо көрсөтүп жатат.

Дубайда дагы кырдаал туруктуу эмес. Бирок, биздин мамлекеттей өтө курч абал эмес. Чындыгында, учурдагы кырдаал бардыгыбызды оор абалга дуушар кылды. Мисалы, ата-энемдин дагы жумуштары толук токтоду. Үйдө дагы эки студент иним жана мектепте окуган сиңдим бар. Алардын окуу акысын төлөө да учурда кыйын болуп жатат. Чындыгында, Кыргызстанда жумуш табуу абдан оор. Айлык-акылары дагы аз. Ошондуктан, аба каттамдары ачылса эле Дубайга кайрадан иштегени кетүүнү пландап жатам.

 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)