WeChat      Избранное

“Чунь Мяо” - А. Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфония оркестрине колдоо көрсөттү

26/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

17-июнь күнү А. Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфония оркестрине “Чунь Мяо” Кытай кайрымдуулугу бирикмесинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. 

Оркестрдин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру Рахат Осмоналиевге термометр менен бирге 20дан беткап жана тамак-аш менен толтурулган 75 себет тартууланды. Иш-чарада бул гуманитардык жардам коңшу элдин Кыргызстанды коронавирус илдетине каршы болгон күрөштө колдоо максатында ташталган дагы бир кадамы катары бааланып, Кытай тарапка ыраазычылыктар айтылды. 

Муну менен катар эле, мамлекеттик оркестрдин жалпы жамаатынын жана жетекчилигинин атынан акциянын уюштуруучуларына “Ыраазчылык кат” тапшырылып, алдыда дагы чогуу иш алып баруучу долбоорлор көп экендиги баса белгиленди.

Эске сала кетсек, мына, 2019-жылы Кытай Эл Республикасынын 70 жылдык мааракесин утурлай Кыргызстанда эмгектенген, билим алган кытай жарандары “Мен жана менин мекеним” аттуу кыскача куттуктоо программасын А. Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфония оркестринин көмөгү менен биргеликте даярдашкан. Ал иш-чара өткөн жылдын 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Жеңиш паркында өткөрүлүп, бардык каалоочуларга тартууланып, паркта кытай жана орус тилдеринде ырлар жаңырган эле.

Ли Цзюаньцзюянь, “Чунь Мяо” Кытай кайрымдуулук акциясынын уюштуруучусу: “Азыркы күрөш айдыңында кыргыз эли жалгыз эмес” 

-2019-жылдын сентябрь айында Кытай Эл Республикасынын негизделгендигинин 70 жылдык мааракесине карата кичинекей концерттик программа даярдадык эле. Программанын башкы максаты өлкөбүздү мааракеси менен куттуктап, өз ыраазычылыгыбызды билдирүү болчу. Мына,ушул маанилүү иш-чара Кыргыз мамлекеттик академиялык симфония оркестри менен биргеликте даярдалган. 

Ага Кыргызстандагы жеке жана мамлекеттик компаниялар гана эмес, эң эле жөнөкөй сатуучудан баштап, кытай студенттери дагы ага көмөкчү болушуп, активдүү катышып беришкен. Аны атайын видеого тартылып, Кытай жергесинде интернет айдыңына жарыяланганбыз. Ошондо, видео эл тарабынан абдан жылуу кабыл алынып, көптөгөн мактоо сөздөрүнө арзыган болчу. 

Ал эми, быйыл күтүүсүздөн каптаган коронавирус илдетине байланыштуу бардык тармактарда иштер үзгүлтүккө учурап, кыйын кырдаалга кабылды. Маданият тармагы дагы убактылуу өз ишин токтотууга мажбур болууда. Ошондуктан, былтыр чогуу иштешип, кызматташып калган А. Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфония оркестрине учурдагы кырдаалга байланыштуу гуманитардык колдоо көрсөтүүнү чечтик. Албетте, алдыда дагы оркестрге өз көмөгүбүздү көрсөтүп, жардам берип турмакчыбыз. 

Бардыбызга белгилүү болгондой, бир канча айлар аралыгында Кытай Өкмөтү, Кыргызстандагы кытай компаниялары, ассоциациялары Кыргыз Өкмөтүнө, ар түрдүү тармактарга коронавируска каршы күрөшүүгө өз жардамдарын берип келүүдө. Бул багытта дагы да болсо, өз көмөгүбүздү көрсөтө бермекчибиз. 

Азыркы күрөш айдыңында кыргыз эли жалгыз эмес, эл аралык уюмдар, достук алакадагы мамлекеттер бар. Кытай дагы алардын катарында. Ошондуктан, биз сиздер менен биргебиз. Ынтымак, биримдик ичинде бул оор сыноону татыктуу көтөрүп, ийгилик менен жеңебиз деп ишенем. 

Жэнь Даовэй, “Кыргызстандагы Кытай тынчтык бирикмеси” ассоциациясынын башчысы: “Ушундай оор учурда бир-бирибизге колдоо көрсөтүп, жардам берүүбүз абзел” 

-Мен Кыргызстанда 17  жылдан бери иштеп, эмгектенип келе жатам. Коронавирус илдетинин республика ичинде пайда болуусу менен биздин ишмердүүлүк дагы токтогон. Чындыгында, экономикалык оор абалга кабылдык. Бул бардыгыбыз үчүн кыйын мезгил. 

Жогоруда айткандай, мен Кыргызстанда көп жылдан бери жашап, иштеп келе жатам. Бул жер менин экинчи үйүм десем болот. Ошондуктан, ушундай оор учурда бир-бирибизге колдоо көрсөтүп, жардам берүүбүз абзел.Бүгүнкү берип жаткан жардамыбыз дагы эки мамлекеттин, элдин достугунун, ынтымагынын белгиси болуп саналат. Алдыда, дагы да болсо ушул алаканы бекемдеп, кызматташууну бекемдөөнү максат кылуудабыз.

Рахат Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси, башкы дирижер: “Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарасы биз үчүн күтүүсүз жагымдуу жаңылык болду” 

- Былтыр Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн утурлай Кыргызстанда иштеп, окуп жаткан Кытай жарандарынын сунушу менен биргеликте атайын майрамдык программа уюштурганбыз. Ошондо, мен тажрыйбамда алгачкы жолу кытай музыкасы менен иштешкем. Бирок, 1990-жылдары биздин симфониялык оркестр Кытай жергесине дагы өз өнөрлөрүн тартуулап, барып келишкен экен. Бир канча күн катары менен, коңшу мамлекеттин аймактарын кыдырып, жакшы бир кызматташуу алакаларын түзүп, кыргыздын чыгармаларын кытай элине тааныштырып келишкен. Ошондуктан, биздин оркестрдин бул жаатта тажрыйбасы бар болчу. 

Ал эми, былтыркы иш-чара тууралуу айта турган болсом, биздин солисттер менен чогуу бул жерде жашаган кытайлардан атайын хор түзүлгөн. Алар менен биргеликте кытай музыкасын, ырларын элге тартуулаганбыз. Мени таң калтырганы ошол кытай жарандарынын ичинде профессионалдуу музыканттар, ырчылардын болгондугу болду. Көптөгөн чыгармалар аудиого жазылып, Жеңиш паркындагы аткаруубуз видеого да тартылган. Ал иш-чара кызматташуунун эң мыктысы болуп калды десем жаңылышпайм. 

Хор менен биздин адистер иштешишти. Кытай жарандарынын көпчүлүгүнүн бул жаатта билими болбогондугу үчүн албетте, бир аз кыйынчылыктар болду. Бирок, жалпысынан ал иштешүүбүз ийгиликтүү болуп, жакшы жыйынтыктарын берди. Биз аткарган кытай музыкасы классикалык формада жазылган чыгармалар болгон үчүн оркестрда ойноо анчалык кыйынчылык деле туудурган эмес.

Чындыгында, бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарасы мен үчүн, биз үчүн күтүүсүз жагымдуу жаңылык болду. Бизди дагы эстеп, колдоо көрсөтүп жаткандыктары абдан кубандырды. Бардыгыбыз үчүн кыйын болуп турган маалда, бизге кол сунуп, өз жардамын көрсөтүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы кызматташып, байланышыбыз бекемделет деген тилегибиз бар. Бүгүнкү берилген жардам оркестрдин жалпы жамаатына таратылып берилмекчи. Учурда, болсо болсо биз  оркестрдин ишмердүүлүгүн жандандыра элекпиз. Өзүңүздөр билгендей, оркестрдин жамааты абдан чоң. Ошондуктан, учурдагы кырдаалга байланыштуу иш баштала элек. Кыргызстанда, Бишкекте бул жугуштуу илдет укмуштуудай көбөйүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Ошондуктан, бардыгыбыздын бир арага чогулуубуз абдан коркунучтуу. Мына, бүгүнкү иш-чарага дагы саналуу гана киши катышууга келдик. 

Замандын башкы талабы-бул жугуштуу илдеттен тез арада кутулуу эмеспи. Ошондуктан, ар бирибиз аракет кылып, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактообуз зарыл. Сөзүмдүн соңунда, дагы бир жолу жалпы А. Жумакматов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин атынан бүгүнкү акцияны уюштуруп, колдоо көрсөтүп жаткан кытай жарандарына терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчимин. Алар өздөрүнүн дагы оор абалдарына карабастан ушундай жардамдары көрсөтүп жаткандыгы мактоого татырлык иш. 

Набиуллин Осман, Кыргыз Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин инспектору: “Кытай жолдошторубузга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирмекчимин” 

-Мен учурдан пайдаланып кытай жолдошторубузга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирмекчимин. Биз алар менен былтыркы жылдан бери кызматташып, чогуу иштешип баштаганбыз. Өзүңүздүн маалыматыңыз болгондой, былтыркы долбоорубуз ийгиликтүү болгон. 

Чындыгында, ушундай бардыгыбыз үчүн оор болуп турган кезеңде эч жактан деле жардам күткөн эмеспиз. Мындай кадам абдан жагымдуу болду. Биздин музыканттардын ал-абалын алар дагы жакшы билишет эмеспи. Чогуу иштешип, бир-бирибизди жакшы таанып калдык да. Ошондуктан, бүгүнкү кылган жардамы дагы бир жолу кыргыз-кытай элинин ынтымагын чыңдоого жакшы салым кошо алды. Абдан ыраазыбыз, ушул кезде бизди эстеп, кол сунган кытай жарандарына терең ыраазычылык. Бардыгыбыз бирге, чогуу бул жугуштуу илдетти ийгилик менен жеңебиз деп ишенем. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)