WeChat      Избранное

Жергиликтүү бийлик органдары эпидемиологиялык кырдаалга жараша жеке жоопкерчилигин тартышат

23/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жергиликтүү бийлик органдары эпидемиологиялык кырдаалга жараша жеке жоопкерчилигин тартышат

ФотоWWW

Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчиликти тартышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтуусу боюнча, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча иштерди сапаттуу аткаруулары зарыл.

Алмазбек Баатырбеков: «Учурда, коомчулук тарабынан колл-борбордун линиясы бош болбой жатканына, ыкчам бригадарлардын, тез жардам кызматынын келишин күтүү боюнча нааразычылык айтылууда. Бул боюнча медициналык кызматтар, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүүдө. 118 байланыш линиясынын ишин күчтөндүрүү, медициналык мекемелерде орундардын санын көбөйтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчиликти тартышат. Муну менен эле катар, жарандарды социалдык обочолонуу режимин сактоого жана өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырмакчымын», - деди.

Штабдын жыйыны учурунда Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жаңы обсервациялык орундарды түзүү жана Бишкек жана Ош шаарларында COVID-19 инфекциясына чалдыккан жарандарды дарылоо жайларын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Республикалык штаб санитардык эрежелерди сактоонун жана мүмкүн болсо коомдук жайларга жана адам көп топтолгон жерлерге барбоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары жарандарга мүмкүндүгүнө жараша бара турган жерлеринин, убактысын түзүп алуу сунушталат. Бул эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүүгө көмөк берет.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)