WeChat      Избранное

Бишкекте бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус чыкты

09/06/2020  Источник:Sputnik   шрифта:

Бишкекте бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус чыкты

фото WWW

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштей берүүгө уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19га анализ тапшырышы шарт эле.

Бишкек шаарында бала бакчада иштеген алты кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Массалык скрининг жүргүзүүнүн натыйжасында бала бакчаларда иштеген алты адамдан коронавирус табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 5-июндан тарта иштей берүүгө уруксат берилген. Бирок мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын тарбиячылары толугу менен COVID-19га анализ тапшырышы шарт эле.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары алдын ала маалыматтарга таянып, үч кызматкерде вирус аныкталганын айткан эле.

Азыркы учурда бала бакчаларды ачууга даярдык иштер жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын балдарды кабыл алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)