WeChat      Избранное

Эпидемиологиялык кырдаал дагы да курчуй турган болсо, кайрадан чектөө чаралары киргизилүүсү мүмкүн

22/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Эпидемиологиялык кырдаал дагы да курчуй турган болсо, кайрадан чектөө чаралары киргизилүүсү мүмкүн

ФотоWWW

Эпидемиологиялык кырдаал ушинтип улана берсе, республиканын айрым аймактарына кайрадан чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу 22-июнда Республикалык штабдын пресс-борборунда КРдин Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал: “Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилгенде чектөө чаралары да киргизилип, көптөгөн объектилер жабылган. Андан кийин Республикалык штабдын чечими менен биз экономикалык ишмердүүлүктөрдү этап-этабы менен жандандырдык. Бирок азыр оорунун жаңы учурларынын саны өсүүдө жана күнүнө 200гө чейин катталууда. Эпидемиологиялык кырдаал ушунтип улана берсе чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн”, - деди.

Муну менен эле катар, министр медкызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар дагы жетиштүү экендигин баса белгиледи.

Сабыржан Абдикаримов: “Бүгүнкү күндө бардык медицина мекемелеринде иштеп жаткан медкызматкерлерге жеке коргонуучу костюмдар, беткап, кол кап, көз айнектер жетиштүү. Алардын саны канча калганы тууралуу маалымат күн сайын алынып турат, бул багытта эч кандай маселе жок.

Ал эми, медкызматкерлерге төлөнүп берилүүчү кошумча каражаттар боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Жакынкы күндөрү июнь айына кошумча төлөмдөрдү берүү үчүн Каржы министрлигине кат жөнөтүлдү”, - деп маалымат берди.

Саламаттык сактоо министри кошумчалагандай, илдеттин жайылышына бөгөт коюу максатында дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун жүрүшүнө чектөө коюлду.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)