WeChat      Избранное

Кытайда 600 миллион адам 1000 юанды ай сайын иштеп табышат

01/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытайда 600 миллион адам 1000 юанды ай сайын иштеп табышат

Фото WWW

28-май 2020-жылы КЭРдин Мамкеңешинин премьери Ли Кэцян Пекиндеги элдердин жыйындар Үйүндө өткөрүлгөн пресс-конференцияга катышып, Бүткүл Кытайлык элдердин өкүлдөрүнүн (ВСНП) 13-чакырылышынын аякталышына байланыштуу кытайлык жана чет өлкөлүк журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өкмөт кедейчиликти жойуу менен бул жылкы кыйынчылыктарды жеңе алабы жана жашоодогу негизги каражаттар менен элдерди камсыз кыла алабы деген суроого Ли Кэцян төмөнкүчө жооп берди. Кытай өнүгүп жаткан көп жашоочулары бар өлкө. Ар бир адам үчүн жылдык киреше өлчөмү орточо 30 миң юанды түзөт. Ошону менен биргее 600 миллион адам айына 1000 юань иштеп табышат. Мындай орточо киреше менен шаарда турак жай алуу кыйынчылык жаратат. Азыр алар кайрадан эпидемияга туш болушту, ал аяктагандан кийин алардын жашоо турмушу эң негизгилерден болуп калат. “Эпидемияга туш болгон калктын жакыр катмарынын жашоо турмушун камсыз кылуу эң негизги маанилүү маселелерден болуп саналат. Биздин саясаттын негизги бөлүгү жашап кетүүдөгү негизги каражаттар менен камсыз кылуу”,-деп кошумчалады премьер.

“Бул жылы биз жакыр жашоону жойобуз жана кыйынчылыктарды белгиленген графикке ылайык жеңип чыгабыз. Бул маанилүү убаданы КЭР БК анын жетекчиси Си Цзиньпин бүткүл элге берген. Мурда кытайда 5 миллиондон ашык жакыр жашоочулар бар деп эсептелчү, эпидемиянын таасиринен кийин сандар көбөйүшү мүмкүн жана жакырчылыкты жойуудагы милдеттерди дагы маанилүүлүккө ээ кылат. Биз жакырчылыкты жойууда ар түркүн чараларды бул жылы эле көрөбүз”,- деп белгиледи Ли Кэцян.

Өкмөт бардык деңгээлде эдин кызыкчылыгын барынан жогору койушу керек, ал эми алардын кыйынчылыктары биринчи орунда – деп белгиледи ал. Ар бир саясат элдин турмушун алардын кызыкчылыгын эске алыш керек. Эпидемия менен болгон күрөштөн кийин бул жылы биз негиги көңүлдү жардамга муктаж адамдарга буруп, социалдык жактан аз камсыз болгон шаардыктарды камтып жана жумушсуздук пайда болсо аларга да кепилдик беришибиз керек. Бүгүнкү учурда 60 миллионго жакын адам социалдык камсыздоодо турушат. Кокустан жумушсуздук пайда болсо жана өтө жардамга муктаждар болсо кепилдик бар. Бул жылы адамдардын саны көбөйүшү мүмкүн экендигин болжоп жатабыз, бирок жардам берүүчү каражаттар жетиштүү. Биз тиешелүү органдардан так маалыматтарды алууну талап кылып жатабыз, ошонун натыйжасында каражаттар максималдуу түрдө туура бөлүнүшүнө бардык муктаж жарандар толук камсыз болушуна жетишебиз. Бизде 300 миллионго жакын пенсионерлер бар, бул жылы пенсиянын көлөмүн көбөйттүк. Ал жөнүндө мурда убада бергенбиз”,- деди премьер.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)