WeChat      Избранное

Бир жума ичинде 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз болгон коронавирус дарты табылды

09/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Бир жума ичинде 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз болгон коронавирус дарты табылды

Сүрөт интернеттен алынды

Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.

Кыргыз Республикалысынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүүдө.

«Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Бул адамдар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык ыкчам штабдын беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларына кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө», - деди Кубатбек Боронов. 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу отчет берип, эң актуалдуу маселелерди белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү   медициналык багыттагы, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды жана медициналык жабдуулар боюнча ата мекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселени талкуулашты. 

Белгилүү болгондой, учурда жеке коргонуунун каражаттары боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди. 

«Чалдыбар - автожол» өткөрмө жайынын ишин камсыздандырууга байланыштуу жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүү алгоритмин так аткаруу боюнча дагы тапшырмалар берилди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)