5-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 37 жаӊы учуру катталды – 8 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 5-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 37 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 936 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 340 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Сутка ичинде Бишкек шаарында - 14, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 5 учур, Нарын облусунда - 6, Чүй облусунда - 7, Баткен облусунда - 1 жана Ысык-Көл облусунда - 3 учур катталды. Бул 37 учурдун ичинен 17 учуру (46%) сырттан келген. 12 учур байланышта болгон адамдардын арасынан табылса, калган 8 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек.
Кыргызстанда бир күндө 48 бейтап коронавирустан айыкты. Алар Бишкек шаарынан 7, Нарын облусунан 29, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 9, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап.
Сутка ичинде 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында 2, Ош шаарында бир жана Нарын облусунда 3 медкызматкер. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Алар Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял киши жана Улуттук фтизиатрия борборунда 82 жаштагы аял киши. Тилекке каршы, республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 22 кишини түздү”, - деп маалымат берди.
Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 046 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 132 адам жатат.
последние
Рекомендация
- 1В Баткенской области задержан контрабандный груз на один миллион сомов
- 2Минздрав КР и ТИКА подписали протокол о временном открытии турецкой больницы Кыргызско-турецкой дружбы
- 3В Кыргызстане разработаны санитарно-эпидемиологические требования в сфере туризма
- 4Академик, хирург из Кыргызстана Мамбет Мамакеев попал в Книгу рекордов Гиннесса
- 5Еще четыре лаборатории начнут проводить тестирование на коронавирус