WeChat      Избранное

9-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 23 жаӊы учуру катталды –жалпы 2055

09/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

9-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 23 жаӊы учуру катталды –жалпы 2055

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 9-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 23 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 2 миң 55 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 483 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Күн ичинде коронавирус менен Бишкек шаарында - 6, Чүй облусунда - 2, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 4 жана Нарын облусунда - 1 жаңы учур катталды. 

Кыргызстанда  бир суткада 38 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 19, Нарын облусунан 13, Жалал-Абад облусунан 1, Ош шаарынан 4, Ош облусунан 1 адам. 

Өлкө боюнча бир күндө 3 медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, Ош шаарында бир, Ош облусунда бир жана Ысык-Көл облусунда бир медкызматкер бул илдетке кабылган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 403 учур катталса, 293ү жакшы болуп, үйлөрүнө чыгарылган. 

Тилекке каршы, Ош облусунда бир бейтап коронавирустан көз жумду. Ал Ош облустук ооруканасынын гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан. 31-майда текшерүүнүн жыйынтыгы менен бейтаптан коронавирус аныкталган. Андан кийин ал шаардык клиникалык ооруканага которулган. Химия терапиясын да алып жаткан. Коронавирус жугуп калгандан кийин, ооруларынын баары күчөп, көп органдары жабыркаган. Реанимациялык дарылоо иштерине карабай ал кечээ күнү көз жумду”, - деп маалымат берди. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 592 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 009 адам жатат.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)