Премьер-министр Кубатбек Боронов: COVID-19га каршы күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү
ФотоWWW
COVID-19га каршы күрөшүүдө өлкөнүн ар бир жаранынын жардамы маанилүү, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов.
«Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Көбүнесе вирустун бар экенин байкабай, адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калып жатат. Бул илдетти жугузгандардын санынын күн сайын өсүшүнө алып келүүдө. Биз дарыгерлер менен биргеликте ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес. Бул сиздин жана жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жөнөкөй талаптарын кармануу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Ошону менен бирге Өкмөт башчы мекендештерден дүрбөлөң түшпөөнү өтүндү.
«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы – дүрбөлөң түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада башаламандыкка алып келет. Ошондуктан мен жарандарыбызды сабырдуулукту сактоого жана чыдамкайлыкка чакырам. Вирустук инфекциянын биринчи белгилери аныкталган учурда дарыгерлердин талаптарын так аткаруу зарыл. Ошондо гана биз COVID-19ду биргеликте жеңе алабыз», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.
Премьер-министр эл көр жыйналган жерлерди текшерүүнү тапшырды. Кафе жана ресторандардын, базарлардын, ошондой эле шаардык жана аймактар аралык коомдук унаалардын иши алардын белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоосунан түздөн-түз көз каранды.
последние
Рекомендация
- 1Новая автодорога «Север-Юг», совместно построенная с Китаем создает прекрасные возможности для улучшения жизни людей
- 2Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат
- 3Сарычат-Ээрташ - суровый край
- 4Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган
- 5ГСБЭП временно прекращает работу общественной приемной