WeChat      Избранное

2-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 28 жаӊы учуру катталды – жалпы 1845

02/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 28 жаӊы учуру катталды – жалпы 1845

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 2-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 28 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 845 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 219 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Сутка Бишкек шаарында - 11, Нарын облусунда - 1 жана Ош шаарында - 16 коронавирус жуктурган жаңы учур катталды.

38 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар Бишкек шаарынан 18, Нарын облусунан 6, Ош шаарынан 6, Ош облусунан 6, Жалал-Абад облусунан 2 адам. 

Өлкө боюнча ооруканаларда коронавирустан 609 адам дарыланууда. Алардын ичинен 16 адам оор абалда, 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми 801 адамдын абалы оордукта болсо, 512 адам канааттандырарлык абалда.

Ош шаарында 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми 2 медкызматкер оорудан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 364 учур катталды, алардын ичинен 254ү стационарлардан айыгып чыккан.

Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. 13-майдан бери ооруканада дарыланып жаткан. Анын диагноздору көп болгон. 29-майда реанимацияга, ал эми 30-майда пневномияга күмөн болуп, инфекциялык госпиталга которулган. Бирок кечинде абалы кескин түрдө курчуп, көрүлгөн медициналык чараларга карабастан жүрөгү токтоп каза болду. Ошондо, өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү”, - деп маалымат берди.

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 664 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 404 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)