WeChat      Избранное

Төрт адамдын өмүрүн алган окуя боюнча тергөө амалдары башталды

24/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Төрт адамдын өмүрүн алган окуя боюнча тергөө амалдары башталды

Төрт адамдын өмүрүн алган окуя боюнча тергөө амалдары башталды

Төрт адамдын өмүрүн алган окуя боюнча тергөө амалдары башталды

Фото WWW

Көмүр шахтасында каза болгон маркумдун үй бүлөсүнөн Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров кабар алып, алардын жакындарына көңүл айтып, материалдык жардамдарды көрсөттү. 

Белгилей кетсек  2020-жылдын 23-июнунда  Лейлек районунун аймагында жайгашкан “Кенчилер-Береке” ЖЧК көмүр шахтасында төрт адам газга ууланып каза болгон. Алар, Сүлүктү шаарынын тургундары, бир үй бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Маркумдардын жакындарынын айтымында, алар 22-июнда өздөрүнө тиешелүү болгон мал жандыктарын  издеп үйдөн чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, жоголгон малдарын издеп шахтага түшкөн учурда газга ууланышканы айылууда. 

Бул жагдай боюнча алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

“Кенчилер-Береке” ЖЧК көмүр шахтасы буга чейин мыйзамдуу түрдө иштеп келген. Азыркы учурда ишмердүүлүгүн токтоткон.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, бул жагдай боюнча түзүлгөн атайын комиссия, көмүр шахтасынын ачык калышы, коопсуздук чараларынын сактабагандыгы боюнча маселелерди  карап жатат. 

Каза болгон жарандардын үй бүлөсүнө, жакынкы күндөрү облустук өкүлчүлүк тарабынан да  жардам берилет. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы


(Автор:Сергей ИВАНОВ / Редактор:GL)