WeChat      Избранное

Коркунучтуу абал - бир суткада 192 кишиден коронавирус табылды

20/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коркунучтуу абал - бир суткада 192 кишиден коронавирус табылды

Фото WWW

2020-жылдын 20-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 192 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 2 миң 981 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 981 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул жугуштуу илдеттен кайтыш болгондордун саны 35.

Нурболот Үсөнбаев: “Күн ичинде коронавирус Бишкек шаарында - 94, Чүй облусунда − 62, Ош шаарында − 16, Ош облусунда − 14, Ысык-Көл олусунда – 2, Нарында – 2 жана Талас облусунда 2 адамдан табылган.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 3, Чүй облусунан 11, Нарын облусунан 5, Ош шаарынан 1 бейтап.

Бул илдетти жуктуруп алган 498 адам ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 30 бейтаптын абалы оор − беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 128 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 340 бейтап канааттандырарлык абалда. Ошондой эле, 385 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык алар үй көзөмөлүндө болууда.

Күн ичинде Бишкек шаарында − 7, Чүй облусунда − 5 жана Ош шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, 1 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча 546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 382си айыгып чыккан.

Тилекке каршы, Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду”-деп маалымат берди.

Муну менен эле катар, республика ичинде аталган илдетти жуктургандар менен 12 миң 205 жаран байланышта болгондугу белгилүү болду


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)