Кыргызстан кытай адистерин биринчилерден кылып кабыл алмакчы
Сүрөт интернеттен алынды
Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев Тышкы таасирлерди минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Ал: «Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча чет өлкөлүк жарандардын кыймылына чектөө киргизилген. Көпчүлүк адистер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген өлкөлөргө келе албай калышты. Мындай абал Кыргызстанда дагы болду. Азыр көпчүлүк долбоорлор токтоп турат, алардын ишин жандандыруу биз үчүн өтө маанилүү. Чет өлкөлүк адистердин биздин өлкөгө кайтып келип, ишин улантаары биздин кызыкчылыгыбызда», - деп маалымат берди.
Вице-премьер-министрдин айтуусунда, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында июнь айында чартердик рейс менен Бишкек шаарына чет элдик адистердин келиши күтүлүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда аталган рейстерге чет элдик адистерди кабыл алуу коронавирус инфекциясынын бар-жогу текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, бул рейстердин бардык жүргүнчүлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга жаткырылып, текшерилет.
последние
● Золотые слова министра иностранных дел Китая (КНР) Ван И на заседании «Две сессии-2020» #6
● Кыргызстан кытай адистерин биринчилерден кылып кабыл алмакчы
● 3-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды – жалпы 1871
● 【наши соседи】Худшее, конечно, позади: что ждет трудовых мигрантов после пандемии
Рекомендация
- 1Госветинспекция разъяснила ситуацию с видео о падеже скота на Иссык-Куле
- 2В Кыргызстане начался сбор нового урожая
- 3Изменившийся мир после пандемии – не шаг в пропасть, а путь к новой реальности
- 4В КР, возможно, проведут массовые прививки от гриппа и пневмококковой инфекции
- 5О чем говорили главы МИД Кыргызстана и Китая?